Түшкө чейинки жолугушууда отставка тууралуу сөз болгон эмес, - Ф.Кулов президенттин чечими тууралуу

16 октября 2020
Версия для печати

Баракелде -  Саясий ишмер Феликс Кулов президент Сооронбай Жээнбековдун отставкасы тууралуу пикирин социалдык түйүндөгү баракчасына жарыялады.

Анын маалыматы боюнча, президент бүгүн түшкү саат 13:00гө чейин коомдук ишкерлер менен жолугушкан. Ага ал дагы катышкан.

«Отставка тууралуу сөз болгон эмес. Андан кийин (жолугушуудан кийин) резиденцияга Садыр Жапаров менен Камчы Ташиев барды. Андан кийинки чоң жаңылык: президент оюн дароо өзгөртүп, күтүүсүздөн отставкасын жарыялады. Бул жерде бир гана бүтүм болушу мүмкүн: кайсы бир күчтөр (эмне болгон күчтөр экени эртеби-кечпи ачыкка чыгат) бийликти күч менен басып алууну чечишкен. Президентке өз каалоосу менен отставкага кетүү же согуш деген талап коюлган. Болбосо өлкөдөгү ушундай кризис учурунда кызматтан жөндөн-жөн эле кете бербейт», - деп жазган Ф.Кулов.

С.Жапаровдун тарапташтарынын Жогорку Кеңешти таратуу тууралуу талабы боюнча: «Андан кийин өлкөдөгү бардык бийлик премьер-министрдин колуна өтөт.

Түшүнүктүү болуп калгандай, кимдир бирөө тарабынан жазылган сценарий боюнча мындан ары кандай иш болушу керек?», - деп кошумчалаган.

Источник: Баракелде