Путиндин басма сөз катчысы Сооронбай Жээнбековдун отставкасы тууралуу суроого жооп берди

16 октября 2020
Версия для печати

Баракелде -  Россиянын президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун отставкасы боюнча маалымат берди. Анын сөзүн «РИА Новости» жарыялады.

«Эмоциялык критерийлердин негизинде баа берүү мүмкүн эмес. Азыр республикадагы абалды турукташтыруу жана конституциялык жолго түшүү үчүн бардык иш-аракеттер маанилүү. Ошондуктан биз Кыргызстанда болуп жаткан окуяларга дыкат көз салууну улантып жатабыз. Ал жактагы абал тезиреек тынчып, мындан ары конституциялык жол менен өнүгүшүн каалайбыз», - деди Песков.

Ал учурда Кыргызстан менен байланыштар уланып жатканын айтты. Ким менен байланышып жатышканын абал бир аз түшүнүктүү болгондо айта турганын билдирген.

«Биз кырдаалга дыкат назар салып жатабыз», - деп кошумчалады Песков.

Ал эртең Жээнбековдун отставкасын мыйзам негизинде бекитүү иштери жүрөрүн айтты.

Источник: Баракелде