Атамбаевди саткан депутаттар Жээнбековду да сатып кетиши мүмкүн, - депутат Ө.Текебаев

16 октября 2020
Версия для печати

Баракелде -  Сооронбай Жээнбеков бийликти узурпациялап алган, деген пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев «Азаттыктын» эфиринде айтты.

«Мурунку жылдын декабрында Жээнбеков Акаев менен Бакиев сыяктуу бийликти узурпациялап алганын айткам. Узурпация деген эмне? Бул бийликти калп, коркутуу жана сатып алуу жолу менен ээлөө.

Жээнбеков өзүнүн 3 партиясы менен добуштарды массалык сатып алып, коркутуп, бийликти ээлеп алууга аракет кылган. Андан кийин бийликке келгендер муну эске алышы керек», - деди Ө.Текебаев.

Ал Жээнбеков мурунку президентти камакка алууга жол ачканын айтып, кечээ Атамбаевди сатып кеткен депутаттар, бүгүнкү күндө Жээнбековду да сатып кетиши мүмкүн экени тууралуу пикирин кошумчалады.

Источник: Баракелде