Көпчүлүк коалиция премьер-министрликке Садыр Жапаровдун талапкерлигин көрсөттү

Автор: Гульшат Ысамамат кызы
SUPER.KG SUPER.KG
14 октября 2020
Версия для печати

Бүгүн, 14-октябрда парламенттин кезектеги отуруму "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүп жатат.

Күн тартибине депутаттар Садыр Жапаровду премьер-министрдин кызмат ордуна бекитүү маселесин киргизишти.

Жыйынга 83 депутат катышууда, сегиз депутат кесиптештерине ишеним каттарын тапшырганы белгилүү болду.

Парламенттик көпчүлүк коалициясы Садыр Жапаровдун талапкерлигин көрсөтүп, анын талапкерлигин бир добуштан колдошту.
 

Источник: super.kg