Шыкмаматов: Жээнбеков менен Жапаров сүйлөшүүгө тийиш

13 октября 2020
Версия для печати

"Кырдаал аз болсо да турукташып келе жатат, бирок бул дагы түрдүү интригалар токтобосо, кыйроо алдында турат". Мындай пикирин экс-депутат Алманбет Шыкмаматов "Акипресс" агенттигине билдирди. Ал учурда эң башкы маселе тынчтык жана туруктуулук экенин баса белгиледи:

“Президент менен Жапаров каршылашпай, бир столго отуруп, сүйлөшүүсү керек. Аларга Роза Отунбаева арбитр болуп бере алат. Садыр Жапаровду шайлашты. Кворум жок деп атышат, алтынчы чакырым беш жыл бою эле кворумсуз иштеп келген. Элдин баарынын эсинде бул. Мурда унчукпай жүрүп эле, эми кворумду көрө калыштыбы?! Ошондуктан, азыр папка бөлүштүрүү, кландашып мушташуу эмес, азыр эң башкысы – тынчтык жана туруктуулук. Бизде эки саясий фигура: президент менен премьер. Артында миңдеген адамдар турган премьер-министр бар. Мен муну шайлоо учурунда эл кыдырганда көрдүм. Бардык жерден “Садыр Жапаровду түрмөдөн чыгарасыңарбы?”деген суроону берип жатышты”.

Шыкмаматов тараптар сүйлөшүү менен шайлоону чечүүгө тийиштигин, учурдагы эң маанилүү – парламенттик шайлоону өткөрүүнү сүйлөшүү зарылдыгын белгиледи.

Алманбет Шыкмаматов Жогорку Кеңештин 6-чакырылышына “Ата Мекен” партиясынан депутат болуп келген. Партия лидери Өмүрбек Текебаев камалгандан кийин фракция лидерлигин колуна алган. Текебаев түрмөдөн чыккан соң, пикир келишпестиктерден улам, фракциядан чыгып, мандатын тапшырган.

Жетинчи чакырылыштагы парламенттик шайлоого “Бир бол” партиясынын тизмесин жетектеп чыкты.

Источник: Азаттык уналгысы