Мадумаров: Президентти азыр кызматтан кетүүгө чакыргандар өлкөнү коркунучка кептейт

13 октября 2020
Версия для печати

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров 12-октябрда “Азаттык” менен болгон маегинде президент Жээнбековду азыр кызматтан кетүүгө чакыргандар "өлкөнү коркунучка кептейт" деп билдирди. Ал белгилегендей, учурда саясатчылар кандайдыр бир талапты айтуудан мурда өлкөдөгү кырдаалды эске алып, салмакташы керек.

“Саясатчылардан жападан жалгыз президентти тааныбаган Мадумаров болгон. Аны мен коргогум келбейт. Мага өлкө, эл, мамлекет керек. Ал мен тааныбаган президент. Бирок бүгүнкү кырдаалды ал кишиден башка эч ким жөнгө сала албайт. Ошондуктан, президентти үч күндө, беш күндө кетиши керек дегендер өлкөнү аябагандай коркунучка салууда. Орус саясатчылары бекеринен "мамлекеттүүлүгүн жоготуп алуу алдында" деп айткан жок”- деди саясатчы.

Мадумаров президент Жээнбеков кызматтан кетсе өлкөдө легитимдүү бийлик калбай каларын белгиледи. Саясатчы ошондой эле VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин мөөнөтү эки аптадан соң бүтөрүн билдирип, ошого чейин өлкөдө толук мыйзамдуулукту орнотууга чакырды.

Источник: Азаттык уналгысы