Ташиев Исаевди кекетти

13 октября 2020
Версия для печати

Саясатчы Камчыбек Ташиев депутаттар жыйында өкмөт башчы кылып дайындаган Садыр Жапаров тууралуу бурмаланган маалыматтар чыгып жатканын айтат.

“А азыркы учурда ЖК жыйынында кворум жоктугун айтып чыккан адамдардын башкы максаты – өлкөнү кайрадан башаламандыкка алып келүү окшойт. Мисалы, Канат Исаев ЖК жыйынында кворум бар-жоктугун өзү катышпаган соң кайдан билет? Өлкөдө абал курчуп, баарын мыйзам талаасына кайтарууга аракет кылып жүргөн маалыбызда К.Исаев өзү каякта жүрдү эле? Депутаттык милдетин аткарып, кетеринде жок дегенде элге бир жакшы иш кылып кеткендин ордуна минтип, тескери аракет жасаганга өттү. Стабилдүүлүк араң орноп келе жатат, а эгерде аны буза турган болушса, К.Исаев жеке керт башы менен жооп берет! Аида Касымалиева үчүн да элдин тынчтыгы керек эмес! Болбосо, эмне үчүн парламент жыйынына келип туруп, катышпай, качып кетти? Мен так кесе айтып коюшум керек – азыркы Садыр Жапаровго каршы аракеттин баарынын артында билинбеген чоң провокация жатат. Элдин тандоосу – Садыр Жапаров экендигин билип турушат. Бирок, жаңы премьерди буттан чаап жыгытуу керек буларга. Ичтери арам, өздөрүнө бул кызмат жетпей калганына куйкалары курушууда. Контрреволюцияны күтүштү эле, ал да ишке ашпай калды! Мен эскертүү катары айтайын, эгерде К.Исаев, А.Касымалиева жана башкалар арам оюндарын токтотпосо, ачыгын айтканда, кыжырданып турган элдин алдында жеке керт башы менен жооп беришет!”, – деди Ташиев.

Источник: govori.tv