5-октябрда митингчилерди таркатуу буйругун ким берди? Курсан Асановдун жообу

Обратите внимание на дату публикации.

Баракелде -  Бүгүн, 8-октябрда Курсан Асанов Ички иштер министрлигинде маалымат жыйын өткөрдү.

Ага 5-октябрда митингчилерди таратуунун кесепетинен каза болгон 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулунун өлүмүнө ким жооп берери тууралуу суроо узатылды.

Асанов маркумдун жакындарына көңүл айтты.

«Провокацияны бийлик кылды, аны ИИМ же УКМК, экөөнүн бирөөсү жасады. Мен дагы ооруканада болдум, милиционерлер да дарыланууда. Көптөгөн адамдар желим октон жабыркашты. Ким буйрук берет? Албетте министр. Балким Кашкар Жунушалиев кийинчерээк келип, буйрукту министрдин орун басары — Орозалиев, Каниметов или [Памир] Асанов берди деп айтат», - деди Курсан

Источник: Баракелде