Сот Садыр Жапаровду актады

Автор: Жылдыз Джускембаева
SUPER.KG SUPER.KG

Сот Садыр Жапаровду актады. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өзү тастыктады. Ал кечээ, 5-октябрдан 6-октябрга караган түнү парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп митингге чыккандардын көмөгүндө абактан чыккан болчу.

Окуянын чоо-жайы:

Садыр Жапаров 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарында "Кумтөр" боюнча нааразычылык акциясындагы баш аламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, 2017-жылдын 25-мартында Кыргыз-Казак чек арасынан чет өлкөдөн кайтып келе жатканда кармалып, камакка алынган. Ал учурда Садыр Жапаровду миңдеген тарапташтары жолугуу үчүн күтүп турушкан. УКМК жолугууга жол бербей, чек ара күзөт бекетинен кармап кеткен.

2017-жылдын 2-августунда Жапаров Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен "барымтага алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Райондук соттун өкүмүн Бишкек шаардык соту жана Жогорку Сот күчүндө калтырган. Быйыл 30-апрелде Жогорку Сотто абактагы саясатчы Садыр Жапаровдун иши кайрадан каралып, соттук коллегия анын жаза мөөнөтүн бир жарым жылга кыскарткан.
 

Источник: super.kg