Пландалып келген иш-чара экени көрүнүп турат, - Сооронбай Жээнбеков митинг тууралуу

Баракелде -  Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-октябрда BBC'нин кыргыз кызматына маек берди.

Анын жүрүшүндө өлкөдөгү учурдагы абал тууралуу сөз кылды.

«Азыркы окуялар көрсөтүп тургандай, узак убакыттан бери пландалып келе жаткан комплекстүү иш-чара экендиги көрүнүп турат. Бул шайлоонун жыйынтыгын гана талашуу эмес, бул шайлоонун жыйынтыктарын шылтоо кылып, элдин нааразычылыгын жаратуу, андан кийин митингдерди уюштуруу болгон. Митингди уюштурууга көптөгөн каражат керек, артында турган координация керек. Албетте эл нааразы болот, бирок аларды уюштуруу, түнү менен кармап туруу, аларды алып келүү — мунун баарын билебиз да, мунун баары чоң акча, адамдык ресурс, чоң күч болуш керек. Муну алдын алсак албетте болмок. Тиешелүү органдар иштеш керек болчу. Мен мүмкүн саясий күчтөр менен көбүрөөк сүйлөшүүм керек болсо керек. Тилекке каршы бул окуя болуп кетти. Кандай болгондо да мен азыр легитимдүү президентмин», - деди президент.

Источник: Баракелде