Шайлоого карата №2 форма менен катталгандардын саны 500 миңге чукулдады

24 сентября 2020
Версия для печати

Форма №2 алуу үчүн кайрылгандардын саны 24- сентябрга карата алынган маалымат боюнча 488миң 873гө жетти. Бул тууралуу бүгүн маалыматижыйында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, эң көп катталгандар Бишкек шаарында.

“Бүгүнкү күндө №1 форма, №2 форма менен кайрылгандардын арызы келип түштү. № 2 форма маселеси резонанс жаратып жатат. Ошол себептен толук маалымат берип өтөлү. Дарегин өзгөртүү үчүн арыз берүүчүлөр Ош облусунда 42 миң 908, Жалал-Абадда 59 миң 413, Чүйдө 115 миң жана Бишкек шаарында 151 миң 557 болду”, – деди Шайлдабекова.

Источник: govori.tv