“Замандаш” Жеңиш Молдокматовду элди алдабоого чакырды

23 сентября 2020
Версия для печати

Парламенттик шайлоого бара жаткан «Замандаш» саясый партиясы тарыхый далилдерди бурмалап башка адамдардын жана уюмдардын ишин өзүнүкү кылып көрсөтүүдө. Бул тууралуу  “Замандаш” бирикмеси билдирди.

“Саясий партия менен уюмдун аты окшош болгондуктан партия лидери элди алдап, уюмдун кылган иштерин партия кылды деп айтып жүрөт. Партия эч качан мигранттар менен иштешкен эмес, мигранттарга уюм гана жардам берип жүргөн. Бирок партия лидери барган жеринде бирөөнүн эмгегин өзүнүкүндөй кылып айтып жүрөт. Тарыхый фактыларды бурмалап, шайлоочулардын башын айлантырган туура эмес”,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, “Замандаш” уюму 2003-жылы, “Замандаш” партиясы 2007-жылы түзүлгөн.

Источник: fakt.kg