Адахам Мадумаровдун Таластын жерин казактарга сатып салганын көпчүлүк биле бербейт

Автор: Темирлан Койлубаев
Gezitter.org Gezitter.org
22 сентября 2020
Версия для печати

“Бүтүн Кыргызстан” саясый партиясынын лидери Адахам Мадумаров тууралуу Садырбек Калдарбаев аттуу фейсбук колдонуучусу коомчулукка анын 2008-жылда ЖКда төрагалык кызматта отурган кездеги эл билбеген иши тууралуу жазды. Текст өзгөртүүсүз берилди:

2020-жылдын башында Жогорку Кенеште талаш жараткан мамлекеттик чек-ара аймактары тууралуу маселе көтөрүлгөн эле.  Коңшу мамлекеттерге Кыргызстандын бир топ жерлери  мындан  бир нече жыл  мурда өтүп кеткени тууралуу бир топ талкуу жараткан. Ошол  коңшу өлкөлөргө өтүп кеткен жерлердин ичинде Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу орусча айтканда «Большой Клин» и «Малый клин» участкалары убагында казак тарапка өтүп кеткенин көпчүлүк биле бербейт. Эми ошол казак тарапка өтүп кеткен кыргыздын жеринин  территориясы 4000 гектардан ашык.

Казак тарапка биздин жерлер качан жана кантип өтүп кеткен?  Айтып кетчү нерсе – ошол казак тарап биздин жерлерди ээлеп алгандыгынын бирден бир себеби Адахан Мадумаров Жогорку Кенештин төрагасы болуп турган кезде 2008-жылдын апрелинде бекитилип, мыйзамдаштырылып, кол коюлуп калган экен. Көрсө,  Мадумаровдун  Баткендеги, Ысык-Көлдөгү жерлерибизди башка мамлекеттерге бергени аз келгенсип Таластагы жерлерди да таратканын коомчулуктун эсине салып койгонубуз оң.

Мурунку жылдарда элдин көпчүлүгү билбесе керек, Таластын эли ушул жерлер боюнча кандай гана күйүп-бышып жүргөндөрүн, алардын арызданбаган жерлери калган эмес. Эң таң калычтуусу көпчүлүк таластыктар деле билбептир, ошол жердин өтүшүнө Мадумаровтун түздөн-түз салымы бар экенин.

Ошол  2008-жылдын апрелинде  чек-ара боюнча келишимге кол коюлгандан көп өтпөй эле май айында Мадумаров төрагалыктан түшүп калган эле. Чындыгында анын бул кызматтан түшүп калганы жакшы болгондур. Ким билет, балким ал  дагы бир жыл төрага болуп турганда Кыргызстандын жарымын эле сатып жибермек окшобойбу.

Мадумаровду чынын айтканда ушул чыккынчылыгы үчүн кыргыз элинин душманы десек да ашыкча болбос.  Ошол кезде Жогорку Кеңешке болгону беш ай төрага болуптур, ушунча кыска аралыкта канчалаган жерлерди таратканга жетишкен.  Кыргызстандын коңшу өлкөлөргө сатылып, өтүп кеткен жерлердин көбү ошол Мадумаров төрагалык кылып турганда болгон экен.  Мындайча айтканда,  ал өзүнүн огородун саткандай эле сатыптыр.

Азыркы күндө  шайлоонун үтүт иштери менен жүргөн Мадымаров массалык маалымат каражаттарынан, социалдык тармактардан  элге чыгып сүйлөгөнүн уксаң тим эле кыргыз элине эмгеги сиңип кеткен адамдай эле сүйлөйт. Ал ойлойт окшойт, өзүнүн төрагалык кызматты аткарып жүргөндө канча жерди сатканын эл билбейт деп.  Бирок, тарых тараза!  Мадумаровдун депутаттыкка, андан кийин ошол кезде төрагалыкка келгени кооз сүйлөп, Бакиевдер менен тойлоп, табакташ болуп жүргөнү эле элдин эсинде калды. Анын  кыйратып кыргыз элине кызматын көрсөтүп, карапайым элдин жашоосун жеңилдеткен бир да мыйзам жазганын көргөн эмеспиз.

Сүйлөгөн оозго жарашат болуп, эми Кыргызстан үчүн күйгөн адам болуп көрүнгүсү келип жатат. Алысты карабай эле быйылкы жаз мезгилинде коронавирус илдети Кыргызстанга келип, эл чочулап, сактанып турганда “Коронавирус жок, ошол жок ооруну доктурлар дарылап жатышат, 200 миң сом компенсация убада берилгенин уккан дарыгерлер калп ооруп, жок оору менен ооруп калышты, маска тагынбагыла” деп агитация кылып, ага ишенип, аны кумир туткан канча адамга ажал алып келгени элдин эсинен кете элек.  Үстүбүздөгү жылдын июль айындагы Кыргызстандын тарыхындагы оор мезгилге, адам өлүмүнө ушул Мадумаровдун да салымы чоң. Анан ушундай адам эл өкүлү болуп келсе, Кыргызстанга коркунуч гана туулат…

 

Источник: abal.kg