Клара Сооронкулова АКШнын узак убакытка дайындалган агентиби?

19 сентября 2020
Версия для печати

Кыргызстанда шайлоонун  угүттөө иштери башталганы парламентке аттанып жаткан партиялар тууралуу ар кандай сын пикирлер  социалдык желелерге жазылууда. Фейсбук баракчасына Инсайдер Кыргызстан аттуу аккаунттун ээси Реформа партиясы тууралуу  жазыптыр. Текстти өзгөртүүсүз беребиз.

Парламенттик шайлоо дайындаларына азыраак гана убакыт калганда саяий талаада «Реформа» аттуу партия пайда болду. Анан ага «прогрессивдүү жана перспективалуу жаштар чогулдук» деп жар салышты. Кийинчерээк бул партияны парламентке Конституциялык палатанын судьялыгынан ызы-чуу менен кеткен Клара Сооронкулова жетектеп бара турганы белгилүү болду. Анын бул кызматтан кетишине эмне себеп болгонун коомчулук билет, ал өзүнүн кызматтык абалына туура келбей турган жүрүм-туруму, сүйлөгөн сөздөрү, Конституциялык палатанын судьяларынын арасында саботаж жасоо аракети себеп болгон.
Мындай аракеттери менен ал Кыргызстандан алыскы чет мамлекеттердин бирине эмигрант болуп кетүүнү көздөгөн болсо керек. Бирок, анын аракетинен алданеси жетишсиз болуп, өлкөдө калып калган. Эми болсо батыштан каржыланган «Реформа» партиясы менен парламентке баруу чечимине келип отурат.
Кече жакында эле ал өзүнүн сүйлөгөн сөздөрү менен «Реформа» партиясы менен Кыргызстанды өнүктүрүү жана аны реформалоону көздөбөгөнүн билдирип алды.
Биринчиден, анын позициясына карасак, АКШга эмигрант болуп кетүү «бардык эле нормалдуу кыргыздардын каалоосу» экен. Мына ушундай пикирди өлкөбүздүн тагдырына күйгөн патриот, анын үстүнө депутаттыкка талапкер айтабы? Албетте, антип айтпайт, андай ойду да ойлобойт.
Экинчиден, Сооронкулова дагы деле өзү океандын ары жагынан барып бакыт тапкысы келген көксөөсү бар экенин жашыра албай калды.
Ошону менен бирге ал «Мени жана биздин партияны «фейктер» каралап жатат» дейт. Анан дагы ал «Биздин партияны америкалык позицияда деп жатышканына түшүнбөйм» дейт. Кантип түшүнбөй калат? Өзүнүн сүйлөп жаткан сөздөрүнөн түшүнүксүз болуп жатабы? Анан дагы анын «Реформа» партиясында Кыргызстанга, анын элине болгон сүйүүсү күчтүү бирөө да жок болуп жатканы эч нерсени айтпайт элеби?
Баарынан кызыгы, коомчулук бул партиянын программасын ушул күнгө чейин көрөлек. Ошондуктан алардын парламентке баргысы келгендеринин чыныгы максаты эмнеде экени боюнча суроолор бар.
Бул партиянын катарындагылардын баары жалаң батыштан каржыланган бейөкмөтчүлөр экени белгилүү. «Реакция» аттуу митингди бир нече жолу өткөрүштү. Анда кыргшыздын каада-салтын, нарк-насилин каалагандай кордошту. Алар үчүн кыргыздын маданиятына караганда, салт-санаасына караганда батыштын баалуулуктары жакыныраак экенин көрсөтүштү. Анан дагы баса белгилеп кете турган жагдай, «Реформа» партиясынын тизмесиндегилердин баары жогорку билимдү чет мамлекеттерден алгандар. Баары англис тилинде сүйлөйт, ошого жараша чет элдик бейөкмөт уюмдарына иштешет.
Айрым макалаларды окуп көрүп, Жакынкы Чыгышта, Украинада, Бангкокто жана башка мамлекеттерде болуп өткөн митингдер жана акциялардын окшоштугун байкоого болот. Алардын баары космосаясий идеяларга чалдыккан жана Pax Americana сыяктуу концепцияны карманышат. Андыктан булар кезектеги «түстүү» революциялардын узакка ойноочу долбоорлору болуп саналат десек болот. Ал эми радикалдуу чакырыктары алардын лозунгдарында, соцтүйүндөрдөгү баракчаларында жана аракеттеринде байкалат. «Шайлоонун жыйынтыктарын тааныбайбыз» деген сыяктуу алдын-ала эле чакырыктарды жасап жүрүшөт. Анан дагы учурдагы бийликке каршы ар кандай чагымчылдык аракеттерди жасоодо.
Pax Americana концепциясы аркылуу АКШ Ирак, Ливия, Тунис, Сирия, Египет, Украина жана Белоруссиядагы кырдаалдарды жаратты. Анын жыйынтыгында бул мамлекеттерде хаос, талкалоо, жакырчылык жана толук деградациялар байкалды. Андыктан «Реформачылардын» парламентке келиши Кыргызстан үчүн өтө чоң коркунуч жаратат. Эч кандай жакшылык да, өнүгүү да, реформа да жасашпайт.
Мына ушундай ойлору, максаттары бардыгын Сооронкулова алдын-ала билдирип алганы жакшы болду. Болбосо, аларга алданып калуу мүмкүнчүлүгү да бар болчу.

Источник: abal.kg