Экс-министр Чолпонбаевдин артынан Абылгазиев да камалабы?

16 сентября 2020
Версия для печати

Саламаттык сактоонун мурдагы министри Космосбек Чолпонбаев пандемия башталган учурда кызмат абалына шалаакылык мамиле жасап, жада калса учурдан пайдаланып кызмат абалынан кыянаттык кылганы үчүн жумуштан алынган. Көп өтпөй кылмыш иши козголуп суракка чакырылган. Сурак катуу болгонбу айтор ал күнү жүрөгү кармап ооруканага түшкөн. Ошол менен эксперттер министр чуусу басылып калган эле. Бүгүн кацрадан ал иш козголуп экс министр кармалгандыгын экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы кабарлады. Алардын маалыматына таянсак, министр мырза бюджетке 9 миллион сомго жакын зыян келтирген деп айыпталууда. Анын жыйынтыгында камакк да алынды. Бул шалаакылыкка жол берген экс-премьер-министр Мухамметкалый Абылгазиевдин да жоопкерчилиги бар экенин коомдо айтышууда. Бул иш ушул менен көпкө узап, далай чиновниктер да жоопко тартылышы мүмкүн

Источник: argument.kg