Мурдагы министр Космосбек Чолпонбаев кармалды

16 сентября 2020
Версия для печати

Баракелде -  Мурдагы саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда АКИpress агенттигине Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Ал шалаакылык жана кызматынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча шектелүүдө.

Буга чейин Каржы полициясы аталган фактылар боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин жооптуу кызматкерлеринин үстүнөн кылмыш ишин козгогон.

«Министрликтин жетекчилери кызматтык абалынан пайдаланышып, элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген келишимдерди түзүп, анын кесепетинен мамлекетке 9 млн сомго жакын зыян келген. 15-сентябрда Жазык кодексинин 320-беренесине шектелип мурдагы саламаттыкты сактоо министри кармалды», - деп айтылат маалыматта.

Источник: Баракелде