Кыргыз жарандарынын Россияга кирүүсү талкууланды

10 сентября 2020
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

ыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен 9-сентябрда Москвада жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

Министрлер эки өлкө ортосундагы туруктуу аба каттамдарын жандандыруу, Кыргызстандын жарандарынын Россияга кирүүсүнө уруксат берүү маселелерин талкуулашты. Россиянын окуу жайларында окуган кыргыз студенттеринин аталган өлкөгө кирүү мүмкүнчүлүгү каралды.

Чыңгыз Айдарбеков мындан тышкары, пандемия маалында Орусиянын Кыргызстанга көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Источник: fakt.kg