Башкы прокуратура мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча тараткан билдирүүсүнө жооп берди.
Ага ылайык, башкы көзөмөл органы Атамбаевдин билдирүүсүн өзүнүн мыйзамсыз иш-аракеттерин актоо катары баалаган. Төмөндө Башкы прокуратуранын мурдагы өлкө башчынын билдирүүсүнө карата берилген жообу, кыскартылып жазылды.
"Мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Батукаевдин абактан бошотолушун УКМКнын атайын операциясы катары көрсөткөн. Операциянын максаты Азиз Батукаевди Жаныш Бакиевге алмашып, акыркысын Кыргыз өлкөсүнө алып келүү болгонун жазган. Бирок Батукаевдин иши боюнча бардык жагдайлар текшерилип, тергөөдө аныкталган. Кримтөбөлдүн абактан бошотулушу боюнча ишке сот органдары тарабынан баа берилип, ага карата чечим чыкканын эскертебиз.
Ошол эле маалда Жаныш Бакиевди экстрадициялоо маселеси Кишинев конвенциясынын укуктук көмөк көрсөтүү жобосунун негизинде гана жөнгө салынарын белгилейбиз. Аны өлкөгө алып келүү боюнча башка негиздер каралган эмес. Жаныш Бакиев Кыргыз өлкөсүнүн соттору тарабынан сырттан соттолуп, ага өмүр бою эркинен ажыратуу боюнча өкүм чыккан.
Учурда Жаныш Бакиевди жана анын башка туугандарын мажбурлоо чараларын колдонуу менен өлкөгө алып келүүнү ишке ашыруу иштери жүрүүдө. Азиз Батукаев менен Жаныш Бакиевди байланыштыруу бул жөн гана кылмышты жаап-жашыруу болгон. Алмазбек Атамбаев өлкө башчы болуп турганда кримтөбөл Азиз Батукаевди материалдык жана башка пайда көрүү максатында мамлекеттик жана сот органдарынын жетекчилери менен мыйзамга каршы байланыш түзүп, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүнүн абактан чыгышына шарт түзгөн. Атамбаев соттук териштирүүгө катышуудан жана көрсөтмө берүүдөн баш тартканы менен, анын күнөөсү көптөгөн күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү жана башка далилдер менен сотко чейинки өндүрүштө жана кийинки сот процессинин жүрүшүндө далилденген" , - деп жазылат маалыматта.
Эске сала кетсек, кечээ, 2-сентябрда мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Азиз Батукаевди абактан бошотуу УКМКнын атайын операциясы болгонун, бирок ал ишке ашпай калганы тууралуу билдирүү тараткан.