Бүгүн, 2-сентябрда Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары мурдагы президенттин Батукаевдин иши боюнча билдирүүсүн жарыялашууда. Анда бул иш боюнча соттук териштирүү жабык өткөндүгү, иштин материалдары купуя сыр болгондуктан, чындыкты көпчүлүк билбей калгандыгы жөнүндө жазылган. Алмазбек Атамбаев бул жагдай анын билдирүү таратуусуна түрткү болгонун билдирген.
Мындан тышкары президенттик жылдарында Жаныш Бакиевди өлкөгө алып келүү боюнча бардык чараларды көргөнүн жазган.
“Батукаевдин ишинин” маңызы төмөндөгүдөй, 2012-жылы пландалган УКМКнын операциясынын натыйжасында Жаныш Бакиев Кыргыз өлкөсүнө алып келинмек. Операцияны башкарууну мен анын демилгечисине, УКМКнын ошол кездеги төрагасына тапшыргам. Мунун баары кылмыш ишинин материалдарында бар. Бирок ал материалдарда жана күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүндө менин тарабымдан жасалган коррупциялык же башка кандайдыр бир мыйзамсыз иш-аракеттер жөнүндө бир да факты жок. Болушу да мүмкүн эмес. Анткени менин алдымда бир гана максат болчу, ондогон адамдардын өлүмүнө күнөөлүү болгон Жаныш Бакиевди жоопко тартуу", - деп жазылат билдирүүдө.
Атамбаев Жаныш Бакиевди жоопко тартуу боюнча УКМКнын операциясын колдоп бергендигимдин жыйынтыгында 11 жылга түрмөгө отургузулдум деп белгилеген.
"Тилекке каршы УКМКнын операциясы ишке ашпай калган. Ага ким күнөөлүү же объективдүү себептер болгонбу – булар да эртеби-кечпи белгилүү болот", - дейт ал.
Билдирүүнүн соңунда Атамбаев чындык баары бир бир күнү элге ачыкталат деген оюн кошмучалаган.