Темир Сариев Апрель революциясынын идеалдарын тебелеп-тепседи

21 августа 2020
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

Активдүү 7-апрель революциясынын уюштуруучусу, 2010-жылы УӨ мүчөсү Темир Сариев жоктон тапкансып, алдыда келе жаткан шайлоодо Бакиевдер каржылаган «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен бараарын ачыктады.

Партия курултайын өткөрүп, Темир Сариев анда Адахан Мадумаров менен баштан эле мыкты мамиледе болгонун билдирди. Мандат, бийлик үчүн адамдар кандай гана акмакчылыкка барбайт эй! Темир Сариев ошол 7-апрель революциясынын 10 жыл өтүп-өтпөй идеалдарын тебелеп-тепсеп, Бакиевдер каржылаган партияга кирип, 2010-жылы апрель окуясында курман болгон азаматтарды каракчы, аракеч, бомж, наркомандарга теңеп, ал кездеги Убактылуу Өкмөт мүчөлөрүнүн легитимдүү бийлигин тааныбастыгын айтып сындаган Адахам Мадумаров менен шилекей алышып кучакташканы кандай? Аны менен башынан эле жакшы мамиледе болуп жүргөнүн айтканын кандай түшүнсөк болот? Демек, 100гө жакын эр-азаматтар ошол кандуу апрелде Сариевдин 10 жыл жыргап куунап, ар кайсы май-талкан кызматтарда манчыркап, акыры депутат болуш үчүн алардын өлүмүнө түздөн-түз себепкер адамдар менен биригип кетиши үчүн жанын бергенби? Апрель окуясындагыларды каракчыга теңеген Мадумаровдун сөздөрүн Сариев шайлоо алдында айтыла берчү катардагы сөздөрдүн бири катары баалады. Жыргаган экенбиз. Бекеринен айтылбайт да, революцияны генийлер даярдайт, фанатиктер жасайт, акмактар үзүрүн көрөт деп. Ошондо Темир Сариев бүгүнкү күндө ким болуп калды?

Источник: fakt.kg