Камчыбек Ташиевди партиялар кошпой, жалгыз калдыбы?

10 августа 2020
Версия для печати

“Ата журт» аттуу партиянын төрагасы Камчыбек Ташиев 2012-жылдын 3-октябрдагы жосунсуз жоругу аркылуу алаасын Ак үйдүн тосмосуна «тилдирсе», саясаттагы кадыр-баркын да «жыртылган алаадан» чыгарып алды. Анын артынан бирде ойду, бирде тоону сүйлөп атып 2 жыл ичинде топтогон аброюн биротоло чачып, партиясында коколой башы гана калды. Албетте, парламентте «Ата журт» фракциясы дагы деле бар. Бирок, андагы депутаттар алдыдагы парламенттик шайлоодо ар кайсыл партиялардын этегин кармап кетишти.

Андыктан Ташиев жалгыз башына «Ата журт» партиясынын жөн гана жазуусун «кийип» алып, «Республика» партиясына барып кошулду. Кийин муштуму менен маселени чечип койчудай жулунуп басып жүрүп Президент болом деди. Президент болуш үчүн көкүрөктү өйдө көтөрүп, көз карашты сүрдүү кылып койсо эле жетиштүү эмес экенин аңдабады. Билим, анан сабырдуулук, акылмандык керек экен көрсө, андай жогорку кызматка. Бирок, Камчыкебиз «жыгылган күрөшкө тойбойт» болуп шайлоо жолу менен болбосо, башкача жол менен бийликти алам деп шымдын «размерине» карабай чоңураак кадам таштап алып эмне болду? Калың элдин алдына уят болду да калды.

Камчыбек Ташиев муну менен токтоп калбастан жыл сайын парламенттик шайлоолордо карааны көрүнүп, кайсы бир саясий партия менен бирге калып, катышып келгенин билебиз. Партиясы деле чачыранды болуп, ар кайсы саясатчынын этегине жармашып кире качты.

Саясатта достук түбөлүк болбоорун буга чейин Ташиев өзү дагы далилдеген. Саясаттагы досу Өмүрбек Бабанов менен бириге калам деп экөөнүн ортосундагы дагы тандем узака созулган жок.
Бул жолу дагы Ташиев Бабанов менен биригип, сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын жергиликтүү сайттарга маалымдаган. Бирок, Бабанов Ташиев менен бирикмек турсун. Бул боюнча бир ооз ача жок. Буга дагы Бабанов кызыктар эмес. Ал тургай «Республика» партиясын дагы каржылаганын токтотуп, саясатка кайтып келүү ниети жоктугун дагы буга чейин жарыялаган.

Анан дагы Ташиевдин акчасы жок болгон үчүн Бабановдон акча сурап жатат деген ыңшаар тарады. Эми канча сураганын белгисиз айтор шайлоого дарамети канчалык экенин алдыда көрө жатарбыз.

Ушул кылган жоруктары көрүп билген киши Ташиевдин жанында жүрүп саясый упай топтоо мүмкүн эместигин айтып койгубуз келет. Кедергисин гана тийгизет. Ошого азыркы чыгып жаткан партиялар Ташиев менен биреги турганын бири дагы жарыялашкан жок. Ушуналык абройу түшкөн Камчыбек Ташиев жалгыз башы менен кайда барат болду экен. Ишенген кожосу болсо көзгө сайып көрсөтөт эле го.

Источник: kadam-media.kg