Сепаратистин дүйнө салганына да эми бийлик күнөөлүү”

Миңдеген кыргызстандыктардын каны төгүлүшүнө А.Аскаровдун ополтоодой салымы, ал эле эмес күнөөсү бар. Кыргызда өлгөн адамды жамандабайт дейт. Бирок, азыр бул ачуу чындык элге айтылбаса гранджегичтер кайтадан коомчулукта пикир жаратып, канкорлорду баатырга айлантканга аракетин көрүшөт. Себеби, алган акчасын акташ керек.

Бир сепаратист эмес миңдеген боордошторубуздан айрылып турган чагыбыз. Кыргыз элинин жүрөгүнөн орун тапкан устасыбыз аалым Чубак Ажыбызды жоготуп кабыргабыз кайышып турган кез. Канчалаган окумуштуу, элге аттын кашкасындай таанымал инсандарыбыз узап кетишти.

Ошондо “жоктоп” ыйлабагандар бүгүн “эч кимге зыяны жок адам өлдү”, – дешип шолоктоп ыйлашууда. Бийликти күнөөлү деп да ийишти.

Мына, ким душман ким тууган. Бул чекеси эле. Ушуга окшогон жана башка ичибизди ириткен күчтөр бүгүн биригип, кандай учур болбосун мамлекеттин кайыгын чайпалтууга кызыктар болушууда.

Андыктан терең ойлонуп, кимдин-ким экенин, кимге эмне керек экенин баамдай жүрүңүз.

Источник: chyndyk.kg