Азимжан Аскаровдун өлүмүн саясатташтыруунун кажети жок. Анын күнөөсү далилденген

Автор: Темирлан Асангазиев
Gezitter.org Gezitter.org

Абакта өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровдун бүгүн 25-июлда  каза болгону тууралуу коомчулукта ар кандай талкуулар жүрүп жатат. Аскаров камакка алынгандан тарта анын укугун коргоп, чет элдик долбоорлор менен иштешкен айрым бейөкмөтчүлөрдүн  жазганы коомчулуктун кыжырын кайнатууда.

Ошондон улам Азимжан Аскаров эмне себептен өмүр бою эркинен ажыратылгандыгы тууралуу элдин эсине дагы бир жолу салып коелу.

2010-жылы июнь айында Кыргызстандын түштүгүндө эки элдин кагылышуусу болгон. Бул окуяда өзбек-кыргыз биртууган  калктарынын ортосунда уруш чыгып, эки улуттун эли  чоң  жоготууга учураган.Тынчтыкта, ынтымакта кылым карытып жашап  келе жаткан эки элдин жаңжалына эмне себепкер болду деген суроо туулат.

Тынч жаткан эки элдин ортосуна Азимжан Аскаров  жана Кадыржан Батыров сыяктуу бир топ өзбек улутундагы лидерлер чагым салышканы элдин эсинен кете элек.

Ал окуя тууралуу айтсак, 2010-жылдын июнь айында Азимжан Аскаров уюштурган чагымчыл топ Бишкек-Ош трассасын тосуп алышкан. Ошол кезде эч кандай курал-жараксыз 13 милиция кызматкерлери жол тосуп аткан Аскаров уюштурган тарапка барып түшүндүрүү иштерин  жүргүзмөкчү болушкан.  Алар менен сүйлөшүүгө, эч кандай курал жараксыз, тынчтык жолу менен тынчтандыруу максатында  барган аймактык милиционер Мыктыбек Сулаймановду кантип мыкаачылык менен балталап, бычактап өлтүргөнүн,  акыры анын сөөгүн өрттөп салышканын бери жактагы милиционерлер көрүп туруп, бирок  топ болуп куралданган Аскаровдун тарапташтарынын жанына бара алышпай, көздөрүнүн жашын төгүп турушканын айтышкан.  Себеби, аз сандагы милиционерлердин колунда курал да болгон эмес. Кошумча  күч келгенче Азимжан Аскаров уюштурган топ, бир нече бейкүнөө адамды мыкаачылык менен өлтүрүп, үйлөрүн өрттөгөнгө үлгүрүшкөн.

Ошол окуя болгон жерде Азимжан Аскаров  чагымчыл топтун башчысы болуп турган.  

Ал ошол жердеги улутташтарына милиционерлерди жана кыргыздарды өлтүрүүгө буйрук берип турганын да күбөлөр далилдешкен.

Ал  эми бул  окуя боюнча Азимжан Аскаров кармалганда күнөөсүн мойнуна албай,  “мен ошол учурда кандай кийинип турганымды айтып бергилечи” деген  талапты койгон. Кыжылдаган уруш учурунда кимдин кандай кийинип турганы эч кимдин эсине да келген эмес. Мындай коркунучтуу урушта күбөлөр ошол кездеги катышкан адамдын өң-келбетин гана эстеп калышкан. Арасында Аскаровдун бар экенин бир нече күбөлөр далилдеген.  Аскаровдун актанганы далилсиз болгон.

Азимжан Аскаровдун 2010-жылдагы Ош аймагындагы коогалаңдын уюштуруучусу жана адам өлтүргөнү тууралуу кылмыш аракети далилденип, сот аны өмүр бою эркинен ажыратуу чечимин кабыл алган.

Ал эми бул окуяны уюштургандардын бири Кадыржан Батыров ошол учурда чет өлкөгө качып кетүүгө үлгүргөн.

Ал 2018-жылы 4-декабрда Одессада каза болгондугу маалым.

Учурда Азимжан Аскаровдун каза болгону тууралуу анын укугун коргоп жүргөн укук коргоочу Азиза Абдырасулованын фейсбук баракчасына:

“Арабызда эч кимге зыяны жок, бир таптаза адам кетти. Кош дегим келбейт, кош дегим!” 

“Кош дегим келбейт, кош дегим, Азимжан, сен ыплас саясаттын курмандыгы болдуң” деген сыяктуу жазгандары коомчулукта бир топ сынга алынууда.

Ал эми Азиза айымга пикир калтыргандардын көбү бул оорудан “Кыргызстанда аттуу-баштуу асыл адамдардан тарта, карапайым адамдар көз жумду, кимисине көңүл айтып, ичиң ачышты экен” деген сындар  интернет айдыңында жазылууда.

Фейсбук колдонуучулардын бири Рашит Мусабаев Азиза Абдирасулованын жазганына жооп катары мындай пикирин калтырган :

“Таң.Азимжан Аскаров коронавирустан өлдү. Тилекке каршы бул оорудан дүйнөдө анын ичинде Кыргызстанда канча деген адамдар курман болуп кетти. Анан жанакы Азиза Абдрасулова менен Төлөйканга Азимжан Аскаров деген кылмышкердин каза болгондугу көзгө урундубу? Ай Азиза, Төлөйкан!!! Ук. Ооруга андан соң өлүмгө жүздөгөн мекендештерибиз алардын арасында кыргызга ысымдары аттын кашкасындай белгилүү, кыргызга күйгөн уул кыздар бар. Ошолорду көрбөй эми кылмышкер силерге Иисус Христос болуп калганбы? Ааа, ооба, сектаңар бир эмеспи. Бир жатындансыңар да. Америка деген. Бирок канткен учурда да маркум адам тууралуу жаман сөз айтпайлы. Кудай алдында жооп берет. Силер болсо тыңчылык ишмердүүлүгүңөр үчүн бул дүйнөдө кыргыз коомчулугунун алдында жооп бергиле!!!!”- деп жазды.

Темирлан Асангазиев

Источник: abal.kg