Абылгазиевдин түн уйкусу бузулду

Экс саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин кыңыр иштери боюнча Финполго чакырыла баштагандан бери мурдагы өкмөт башчы Мукан Абылгазиевдин түн уйкусу качып, өзүнүн да калбырларынын айынан камалып кетемби деп жүрөгү түшүп, кочкорлук тыңчыкмаларды чогултуп алып, маселеттешиптир.
Алар Асылбек Токтогулов (мурунку профсоюздун жетекчиси), Дүйшɵн Ирсалиев (СЭЗ Бишкек) Темирболот Абыкеев (Кочкордун азыркы акими) Айгүл Рыскулова, анан Чолпонбек Акматов (Эмарк строй компаниясынын кожоюну).
Дагы бир-эки аты таанылбагандар бар экен арасында.
Абылгазиев шайлоого даярдык көрүп жатканын, Кочкордон аттанаарын айтыптыр.
Анан дагы уялбай, “бийлик мени “кидать” этти, мага иш козгоп коюшу да мүмкүн. Мен оппозицияга да кетишим толук мүмкүн”, деп жыландын башын кылтыйтыптыр.
Премьер-министрге чейин дайындап, эки жыл чыдап сүйрөп келген Сооронбай Жээнбековду жамандап, президент кочкорлуктарды өгөйлөп жатканын, Сапар Исаковду дагы камаганын, эми аны дагы камаганы жатканын айтып, провокациялык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүптүр.
Мукандын башында тооктукундай мээ болгондо, мындай сөздөрдү айтпайт эле. Ишеним көрсөтүп, мамлекетти алдыга сүрөгөнгө жардам кылгандын ордуна иштин баарын артка тартып, президентти жаманатты кылып, сызга отургузуп, басып кетти.
Ушундай соратниктерден кудай сактасын!
Абылгазиевди болсо жакшылап текшерип, жегендерин кустуруш керек!

Мантыш гезити

Источник: chyndyk.kg