Бабанов дарыгерлердин айлыгы үчүн өз каражатын котормой болду

Өмүрбек Бабанов Кыргызстандагы кырдаалдан улам жардам берүүгө ниеттенгенин билдирди. Соцтармактагы баракчасына жазганына караганда, ал жалпысынан 5 миллион сом бөлөт. 

Анын 3 миллион сому  Саламаттык сактоо министрлигине, дарыгерлердин эмгек акысы үчүн  которулат. Ал эми 2 миллион  сом Кыргызстандагы 2 миң пенсионерге тийиштүү дары-дармек алууга ар бирине  1000 сомдон таратылат. 

Источник: sayasat.kg