Кыргыз бийлигинин парламенттик шайлоо өткөрүү санаасы

Автор: Элеонора Сагындык кызы, корреспондент Би-Би-Си в Бишкеке
BBC. Кыргыз кызматы BBC. Кыргыз кызматы

Коронавирус эпидемиясы күч алганына карабастан кыргыз бийлиги быйыл күзүндө парламенттик шайлоо өткөрүүгө белсенүүдө.

Мындай шартта жарандарды добуш бердирүү канчалык коопсуз жана шайлоо участкаларында кандай тобокелчиликтер бар?

Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө президент Сооронбай Жээнбеков шайлоо темасына өзүнчө токтолду:

"Жогорку Кеңештин жаңы курамын шайлоо өнөктүгү жакындап келе жатат. Эрежелер шайлоого бир жыл калганда бекемделсин, андан кийин өзгөртүүлөр киргизилбесин деген убадабызды аткардык. Боло турган шайлоого укуктуктук жактан сапаттуу даярдык көрдүк. Тиешелүү мыйзамдар кабыл алынып, күчүнө кирди".

Президент шайлоого карата укуктук жана техникалык даярдыктарга басым жасаганы менен, коронавирус шартындагы добуш берүүнүн коопсуздук маселесине токтолгон жок.

Ошол эле күнү өлкө башчысы шайлоодогу негизги эрежелердин бири, көп талаш-талкуу жараткан босого чекти 9%дан 7%га түшүрүү тууралуу мыйзам долбооруна кол койду.

Бул партияларга шайлоого даярдык көрүүгө расмий ишарадай эле кабыл алынды.

Быйыл 12-апрелге белгиленген жергиликтүү кеңешке шайлоолор коронавирустан улам кийинкиге жылдырылган. Мындан улам парламенттик шайлоону да жылдыра туруу керекпи деген талаш-талкуулар болуп жатат.

Буга чейин БШК жыйынга чогулуп, анда Боршайком өкүлү Атыр Абдрахматова Республикалык штабдын жетекчисине кайрылып, оорулуулар саны канча кишиге жеткенде шайлоону кийинкиге калтырса болот суроосун узаткан.

"Бүгүнкү күнү өкмөт койка-орун, ИВЛ аппараттарын көбөйтүү, камсыздоо аракетинде иш жасап жатабыз. Азырынча биз бейтаптар саны мынча санга жетсе, шайлоо болбойт деген ойду эч кимибиз айта албайбыз",- деген эле Алмазбек Батыралиев.

БШКнын жер-жерлерде 2,5 миңдей шайлоо участкалары бар. Аларда 25 миңге чукул Боршайком өкүлдөрү иш алып барат. Миңдеген жарандарды кабыл алууда алардын коопсуздугу да маселе жаратууда.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев БШК кызматкерлеринин эле эмес, шайлоо участкаларында шайлоочулар үчүн деле тобокелчиликтер бар дейт:

"Бет кап, мээлей менен иштегендей болуш керек. Рециркулятор керек абаны тазалай турган. Балким, бактерициддик лампаларды алыш керек. Социалдык аралыкты камсыздоо боюнча кошумча адамдард да тартыш керек болот. Шайлоочулардын шайлоо укугун камсыздоо учун шарт түзүш керек".

Шайлоого саналуу гана айлар калды. Талдоочулар күзгө барып эпидемиянын биринчи толкуну кайтып каларын айтып жатышат.

Ошентсе да коронавирус коркунучун көзгө илбей, массалык иш-чара - шайлоо өткөрүүнүн кесепети кандай болорун алдын ала айтуу кыйын болуп турат.

Пандемия шартында дүйнөнүн бир канча өлкөлөрүндө шайлоолор кийинкиге жылдырылып жатат. Тийиштүү чараларды киргизип, өз мөөнөтүндө добуш берүү өткөргөн өлкөлөр да болууда. Буга Франция, Түштүк Корея, Польша жана Тоолу Карабах өңдүү айрым өлкөлөр мисал.

Источник: Кыргызская служба Би-Би-Си