Абылгазиев "Биримдик" партиясына кошулдубу?

Мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан кеткенден кийин жөн жатпай күзүндөгү парламенттик шайлоого даярданып баштаганы тууралуу имиштер пайда болгон. Анын "Биримдик" партиясынын катарынан шайлоого бараары да айтылган. 

Бирок журналист Жамалдин Парманкулов Абылгазиев тууралуу маалыматтар чындыкка төп келбешин жазып чыкты:

"Мухаммедкалый Абылгазиевдин “Биримдик” партиясына кошулганы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт

Экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев “Биримдик” партиясына кошулган жок жана бул партиядан шайлоого катыша турганы тууралуу маалымат жөн гана ушак. “Биримдик” партиясынын катары активдүү жаштар, буга чейин мамлекетке кызмат кылган бир катар инсандар менен толукталууда. Алардын катарында М.Абылгазиев жок экенин расмий түрдө маалымдайбыз", - деп жазды ал.

Источник: sayasat.kg