Камчыбек Ташиев: Мирлан Бакировго алдыдагы саясий ат салышта ийгилик каалаймын!

Фото: Камчыбек Ташиев

Вице-спикер Мирлан Бакиров Камчыбек Ташиевдин айткан сынына жооп кайтарган эле. Биз саясатчыдан вице-спикердин жообун кандай кабыл алганын сурадык. 

-Сиз Мирлан Бакировдун сизге берген жообу боюнча эмне айта аласыз?

-Менин бир берген интервьюмда Мирлан Бакиров боюнча  "өз алдынча лидер болуш үчүн өсүш керек" деп айткан сөзүмө берген жообун окудум. Сынды туура кабыл алып берген жообуна ынандым, бул жигиттин чычалабастан акыйкат айткан сөзү анын чындап өсүп баратканынан кабар берет, демек Мирландын келечеги жакшы болот буюруса. Алдыдагы саясий ат салышта ийгилик каалаймын!

Источник: sayasat.kg