Камактагы Кимсановдун сабалып жаткан видеосу жарыяланды

Обратите внимание на дату публикации.

 Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган Эмилбек Кимсановду сабап жаткан учур делген видеону соцтармактагы баракчасына анын жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева жарыялады.

Ал билдирүүсүнө: “Бүгүн Кимсановду сабап жатканы тууралуу далил алдым. Эки жаран Кимсановду сабап, аны видеого кожоюнуна көрсөтүү үчүн тартышкан”, – деп жазган.

Видеодо эки адам бир кишини кармап алып сабап жатканын көрүүгө болот.

Видео 

Белгилей кетсек, буга чейин Эмилбек Кимсанов 13-апрелге караган түнү сабалганы тууралуу анын жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева фейсбуктагы өздүк баракчасына жазып чыккан.

“ЖАМКтын нөөмөт бөлүмүнө байланышканымда, «иш убактысы бүткөнүнө байланыштуу текшерүү жүргүзүлбөйт» деп жооп беришти. Анда тергөө абагынын нөөмөтчүлөрү эмнеге отурушат? Мамлекет Кимсановду абакка камаган соң, анын коопсуздугуна жана саламаттыгына да жооп берүүгө тийиш”,- деп билдирген жактоочу.

Көп өтпөй ЖАМК бул маалыматка жооп берип, Мамлекеттик бажы кызматынын Ош облустук башкармалыгынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсанов “тергөө абагында сабалды” деген маалымат жалган экенин билдирген болчу.

Источник: govori.tv