Сурамжылоонун жыйынтыгы: Көпчүлүк "Биримдикти" тандады

Ушул жылдын 4-октябрында Кыргызстанда парламенттик шайлоо өткөнү турат. “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттиги буга чейин парламенттик шайлоого катыша ала тургандай потенциалы бар партияларды окурмандардын сынына койгон. 

Сурамжылоо 6-июнь, саат 19:00дөн тарта эсептелбей, ага чейинки добуштар саналды. Анын жыйынтыгы менен “Биримдик” партиясын колдогондор басымдуу болду. Кыргыз тилдүү окурмандардын 1252си өз добушун "Биримдикке" берсе, “Бүтүн Кыргызстан” - 561 добуш менен экинчи орунга чыккан. Буга чейинки шайлоодо алдынкы добуштарды алган КСДП, “Республика-Ата Журт” жана “Өнүгүү-Прогресс” сыяктуу партиялар эң аз упай топтогон. Ал эми баарына каршы - 443 добуш берилген.  

"Эртең шайлоо болсо кайсы партияга добуш бересиз?" - деген сурамжылоого окурмандар төмөнкүдөй тандоо жасаган: 

“Биримдик” - 1252 добуш (35,17%); 

“Бүтүн Кыргызстан” - 561 добуш (15,76%);

Баарына каршы - 443 добуш (12,44%); 

“Мекеним Кыргызстан” - 352 добуш (9,89%); 

“Кыргызстан” - 330 добуш (9,27%); 

“Бир Бол” - 173 добуш (4,86%);

“Ата Мекен” - 128 добуш (3,60%); 

“Чоң казат” кыймылы - 92 добуш (2,58%); 

“Мекен Ынтымагы” - 81 добуш (2,28%); 

КЛДП - 37 добуш (1,04%); 

“Замандаш” - 32 добуш (0,90%); 

“Ата Журт” - 28 добуш (0,79%); 

КСДП - 22 добуш (0,62%); 

“Республика” - 20 добуш (0,56%); 

“Өнүгүү-Прогресс” - 9 добуш (0,25%). 

Ал эми орус тилдүү окурмандардын тандоосунда да “Биримдик” партиясы тандагандар басымдуу болду. 

Анын жыйынтыгы: 

“Биримдик” - 117 добуш (68,02%); 

“Кыргызстан” - 22 добуш (12,79%);

Баарына каршы - 12 добуш (6,98%); 

СДПК - 5 добуш( 2,91%); 

“Бүтүн Кыргызстан” - 3 добуш (1,74%); 

“Республика” - 2 добуш (1,16%); 

“Ата Мекен” - 2 добуш (1,16%); 

“Чоң казат” кыймылы - 2 добуш (1,16%); 

“Замандаш” - 2 добуш (1,16%); 

“Ата Журт” - 1 добуш (0,58%); 

“Бир Бол” - 1 добуш (0,58%); 

“Өнүгүү-Прогресс” - 1 добуш (0,58%); 

“Мекеним Кыргызстан” - 1 добуш (0,58%); 

КЛДП - 1 добуш (0,58%);

 

 

“Мекен Ынтымагы” - 0 добуш (0,00%).

 

 

Ага баш-аягы сурамжылоого 3 732 адам катышты. Бул окуя кыргыз тилдүү окурмандар арасында көп талкууланып, көпчүлүгү Биримдик партиясын колдошорун билдиришкен. Мына ушундай эле пикир орус тилдүү оркумандардын арасында да басымдуу болду.

Источник: media-center.kg