Сейтек Атамбаев: Атамдын эң ишенимдүү адамдары Илмиянов менен Сүйүнбаев болгон (маек)

Обратите внимание на дату публикации.

Ушул тапта УКМКнын тергөө абагында кармалып, өзүнө карата козголгон кылмыш иштери боюнча сот жообуна тартылып жаткан өлкөбүздүн мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев, анын достору тууралуу журналист Майраш Базлакунованынбир катар суроолоруна уулу Сейтек Атамбаев жооп берген. Бул маектин кыскартылган вариантын сунуштайбыз.

- Алмазбек Атамбаевдин абакта жатканына бир жылга жакын убакыт болуп калды. Тез-тез жолугушууга деле мүмкүнчүлүк болбосо керек. Ошондой болсо дагы барып жатасызбы?

- Мен атама бир дагы жолу барган жокмун. Бардым десем калпычы болом. Анын өзүнүн деле ички, өз ара бир себептери бар. Бирок, тамак-аш киргизип турам.

- Сиз өзүңүздүн социалдык тармактагы баракчаңызда соңку бир-эки жылдын ичинде атаңыз менен таарыныч болгондугун жазып чыктыңыз эле. Ал кишиге барбай жатканыныздын себеби да ошого барып такалабы, же башка себеп барбы?

- Таарыныч деле эмес, мен негизи өзүмдүн табиятымда эч кимге таарынбайм.

- Бул жигиттикке жатпаса керек...

- Орустун “На обиженных воду возят” деген сөзү бар. Эч кимге таарынбайм. Бирок, ортодо келишпестиктер болот. Саясат боюнча көз караштар дал келбей калат, ошолордун айынан Сиз айтып жаткандай постумда жазгандай эле жанында жүргөн шопурлары, жансакчыларынын да кесепети түздөн-түз тийди. Жанында жүргөндөрдүн мени жамандагандары болду. Мени жаман көргөндөрү дагы деле бар болуш керек.

- Азыр Алмазбек Шаршеновичтин эрки күчтүү, оңой менен сынбайт, абакта деле оңой менен моюн бербейт деп айтып жатышат. Ал кишинин ушундай мүнөздөрүн байкачу белеңиз?

- Албетте, ар бир кишинин, айрыкча эркектердин өзгөчө мүнөзү болот. Андай болбосо, эркек эмес. Кыргыздын сөзү менен айтканда бычмал сыяктуу болуп калат. Анысыкандай атамдын мүнөзү курч, көкбеттиги бар, оңой менен моюн сунбайт. Менин оюмда ошол жерлери, мүнөзүндөгү ошол сапаттары бир жагынан жакшы нерселерди алып келет, бир жагынан жаман зыяндарын тийгизет. Саясатта кээде мындай көкбеттикти тизгиндеш керек. Өтө көкбеттик деле болбойт, чеги болот. Бирок, мен ал кишиге бир нерселерди үйрөтө албайм. Улуу, мага караганда акылдуу.

- Саясат боюнча сиз ой-пикирлериңизди айткан учурлар болчу беле?

- Албетте. Бирок, биз көп деле кездешчү эмеспиз. Жакшылык-жамандыктарда, майрамдарда эле болбосо. Чынын айтканда эң жакшы көргөн баласы шопур болчу.

- Илмиянов жөнүндө айтып жатасызбы?

- Бул Илмиянов Сатардын уулу Икрамжан эң жакшы көргөн баласы. Менин атам ошол киши менен көп убакыт өткөрдү. Бул ачык чындык. Биз менен жамандык- жакшылык, той-аштарда эле жолукчу. Ошол моменттерде убакыт болсо мен атамды кармап туруп, саясатта болуп жаткан нерселерди өз түшүнүгүмө жараша жеткиргенге аракет жасачумун.

- Кандай кабыл алчу?

- Жанагы Рыскелди ага айткандай, кээде маанайы жакшы болсо тамашага салып жооп айтып, жаман болсо “сен эмнени билесиң, сен эмне ошол жакта иштеп жатасыңбы?” дегендей кагып койчу. Анан аралашып иштебегенден кийин “мейли эми, өзүң билесиң да” деп башыңды ийкегилөөгө аргасыз болосуң.

- Тегерегинде жүргөндөрдүн кимисин эң таасирдүү достору деп баса белгилей аласыз?

- Эң таасирдүү досунун атын атабай эле коёюн, партиянын фракция лидери жакын досу болчу. Канча жардам берди ошол кишиге, түрмөдөн да куткарып калды. Азыр бир жерден окудум, силердин программаңардаң пайдаланып айтып кетейин, “Мен Атамбаевдин убагында куугунтук жедим” деп бир жерде сүйлөп жатыптыр. Анан “тобо, сен кантип куугунтук жедиң, сени тескерисинче мэрияда кылган былыктарың ачылганда түрмөдөн алып чыкты, ал кезде, 2013-жылы башкы прокурор Салянова болчу” деп ойлоносуң. Атамдын дагы бир Раис Атамбаев деген карачечекей баласы бар, жубайы Раиса Мирахмедовнанын баласы. Ошол баласынын өкүл атасы болуп, 2015-жылы резиденцияда өткөн үйлөнүү тоюнда чыкыйып отурган. Логикага таянсак, өкүл аталыкка башка бир чоочун адамды койбойт да. Анан ушул адамдын айткан сөздөрүнүн баарысы калп.

- Алмазбек Атамбаев бийликтен кеткенден кийин саясаттагы таасирдүү достору менен мамилеси түп тамырынан бери өзгөрдүбү же алар менен алака-катышы болуп эле жаттыбы?

- Өзгөрөт да болбой эле. Мисалы, Туйгуналы Дүйшөналиевич Абдраимов деген дагы бир досу бар. Мен ал кишини да жакшы тааныймын. Туйгуналы байкени шоферу Икрамжан жамандап турчу. “Андай экен, тигиндей экен” деп жамандап эле жатчу. Орустар айткандай “тамчы ташты жонот” дегендей күнүгө эле кулагына куя берсе, ал деле өзгөрүлөт да.

- Соцтармактарда мамлекетти айдоочулар менен жансакчылар башкарды деп жаздыңыз эле. Эмне үчүн?

- Чын эле башкарды да. Баарысы эле билишет.

- Эмне үчүн Алмазбек Шаршенович алардын жетегинде калды деп ойлойсуз?

- “Майданда жалгыз адам жоокер эмес” дегендей, ал да жалгыз болду да. Президенттик кызматты баары эле оңой деп ойлошот. Диванга отуруп алып эле сындап жатышпайбы, адегенде иштеп көрүш керек. Бул эң оор жүк. Мен күнү-түнү канчалаган документтер менен иштегендигин көрүп калгандыктан жакшы билем. Ошолорду окуш керек, талдап, ой-жүгүртүп чечим кабыл алыш керек.

- Алмазбек Шаршеновичтин эң ишенимдүү адамдары кимдер болду?

- Эң ишенимдүү адамы – бул шофёр Икрамжан, анан кийин Болот Сүйүнбаев, Фарид Ниязов, Сапар, Албек дегендер алардан кийинки экинчи ролдогулар.

- Буларды өзүнүн күчтүү командасы катары эсептөөчү беле?

- Алардын баарысы көздөрүн май басып, өзүлөрүн тим эле хан сезип жүрүшкөн. “Жалгыз адам жоокер эмес дегендей ал жалгыз өзү эмне кыла алат эле? Ошондой деңгээлде иштегенден кийин бирөөгө ишениш керек да. Бирөөгө ишенбесең, сен кантип иштейсиң? Мына азыркы президенттин деле жумушу оор. Бардык чечимди өзү кабыл алып жатат. Мөөнөтү аяктагандан кийин Кудай сактасын, баардык жоопкерчилик ушул кишинин мойнуна жүктөлөт. Ошондо баарысы четке чыга беришет, “сенин кылганың болчу” деп. Атамдын тагдырын мен көрүп жатпайынбы. Бул тарых. Президент чечкиндүү болбосо, мамлекет алдыга жылбайт.

- Мамлекетти кимдер башкарды деп ойлойсуз?

- Эми де-юре жана де-факто дегендейи бар да. Де-юре президент, анын аппараты, өкмөт, анан парламент бар.

- Абдил Сегизбаевчи?

- Абдил Сегизбаев, ал жумшак айтсам жөн эле отурду. УКМКнын кызматкерлерине квартираларды берип, ленталарды кесчү. Чечкиндүү маселелерди ал чеччү эмес. Ал жакта маселелерди Боке деген бир киши бар, ошол чеччү.

- Болот Сүйүнбаевби?

- “Сары Болот” деп коюшат.

- Ошол учурда Алмазбек Атамбаевдин соңку эки жылдагы башкаруусунда тегерегиндеги таасирдүү күчтөр боюнча сын пикирлер айтылып баштаган. Ошолордун баарысын өзү билчү беле?

- Мен аны айта албайм. Балким билген же билбегендир. Бардык эле мамлекетте, алыс барбай эле айтсам, Россиянын президенти Владимир Путиндин айланасында чечим кабыл алууга катышууну каалгандар бар. Бизде деле ошондой, баарысы эле президентке жакындап,сүйкөнүп өзүлөрүнүн иштерин бүткөрүп алгылары келишет. Бул табигый нерсе.

- Атаңыз президент болгонго чейин эле бизнестен каражат топтоп байыгандыгын айтып келди. Бирок, буга ишенбегендер да бар...

- Атам 2005-жылга чейин эч жерде мамлекеттик кызматтарда иштеген жок. Приватизацияга эл катары эле катышкан. Азыр килейген кызматтарды ээлеп туруп приватизацияга катышкан Акаевдин лаборанттары чыгып жатпайбы. “Автомашрадиатор” атамдыкы эмес, болгону инвесторду таап, иштетээрине ишенип өзүнүн акцияларын саткан. Завод дагы деле сонун иштеп жатат.

- Бизнести эмнеден баштаган?

- СССР ыдыраарына аз калганда өнөктөштөрү менен чогуу китептерди чыгарып өзүнүн алгачкы капиталын топтогон. 2001-жылы Акаевге “Агромаш”, “Электротехник” деген эки заводун, эки пансионатын алдырып койгон.

- Мурдагы президент Алмазбек Шаршенович “мен азыр кызматта отурган көп саясатчыларга каражат жагынан бир топ жардам бергем” деп айтып келет...

- Ал чындык. Баары эле “Оо, Алмаз, акча берчи, мен китеп чыгарайын деди элем” деп ушул Арашанга келчү да.

- Анда чыгармачыл адамдарга бергенби?

- Жалаң эле чыгармачыл эмес, ал чындык. Тил каттары жок, азыр эч кимге далилдей албайсың. Мен билем, эл шайлабаган президенттен баштап, КСДП фракциясынын лидери – досуна чейин берчү. Президенттике чейин эле жан сакчысы, шопурунун ар бирине үй алып берген.

- Сиз айткан жансакчысы Алмазбек Атамбаевдин ишеничине кантип кирип алган болду экен?

- Ал өзүнүн жолун тапса керек. Биз пендебиз да, ар адамдын өзүнүн жумшак жери болот. “Ляппай” деп отуруп ишеничине кирип кетсе керек.

- Азыркы президент Сооронбай Жээнбеков эң жакын досу болгондугун коомчулук жакшы билет. Бул киши менен болгон мамилесин сиз өтө жакшы билсеңиз керек...

- Эң жакындарынын бири десек туура болот го. Алматы көчөсүндөгү “Медиафорумдан” Сооронбай Шариповичти бир дагы жолу көргөн эмесмин. Ошол жердин жанында атамдын дагы бир офиси бар. Президенттикке чейин атам ал жерде отурчу. Анын “бункер” деген каймана аталышы бар.

- Эмне үчүн?

- Коопсуздук жагынан ыңгайлуу болгон. Ал жерде атам, анан эң көбүрөөк шоопур отурду. Ошол жерге “мен” деген кишилердин баарысы жыйылып турушчу, шоопурдун оозун карап. Сооронбай Жээнбеков президенттике талапкер болгондо бир аз отуруп калды.

- Экөөсүнүн мамилеси жөнүндө эмнелерди билесиз?

- Достугу 95-жылы башталган. Ал учурда парламент эки палаталуу эле. Экөөсү парламентке депутат болуп шайланышып, ошол жерден достошкон. Дагы эки досу бар - бири Туйгуналы байке, экинчисинин атын атагым да келбейт. Төртөөсү чогуу жүрүшчү. Токсон тогузунчу жылы Аскар Акаев атама “Даңк” медалын берди. Ошол учур эч качан эсимден кетпейт. Атам Панфилов багына жакын “Үч кудук” деген үч үйдүн биринде беш бөлмөлүү квартирада турчу. Медалды ошол үйдө жууган. Анда мен Сооронбай Шарипович айткандай балапан болчумун, колго суу куюп, кызмат кылып дегендей.

- Кийин үй-бүлөлүк катыш уланып келди да...

- Атам менен апам ажырашып кеткенден кийин мен атам менен көп чогуу жашабай калдым. Ошондуктан, алардын карым-катышына күбө боло алганым жок. Бирок катышып турушкандыгын билем, жамандык-жакшылыкта көрүшүп калчубуз.

- Азыр Алмазбек Атамбаевдин айланасында жигит досторуна караганда, колдогон аялзат өкүлдөрү көбүрөөк калды.

- Туптуура.

- Демек, бул айымдар достукка бекемби же учурунда аларга Алмазбек Атамбаевдин колдоосу чоң болгонбу?

- Колдоосу деле жок болчу. Ошол эле Ирина Юрьевна Карамушкинаны шопур жаман көрүп, киши катары саначу эмес. КСДПдагы башка айымдар ошондой мамилеге карабастан, атам тууралуу жаман кеп айтышкан жок.

- Эки достун ортосунда жарака кетип, Кой-Таш окуясы орун алгандан кийин ал киши менен жолугуштуңузбу?

- Жок, мен андан бери Сооронбай Шариповичке жолуга элекмин. Акыркы жолу жолукканыма 1,5 жыл болду. Ал киши менен илгертеден эле мамилебиз түз, сыйбыз. Негизи мен атамдын эки досуна – Сооронбай Шарипович менен Туйгуналы Дүйшөналиевичке жан тартчумун. Мен Арашанга келген Чыңгыз Айтматовдон баштап Султан Раевге чейин көп эле ар кандай аттуу-баштууларды көрдүм. Ар кандай мамилелерди байкадым.

- Азыркы кырдаалда Алмаз Шаршеновичтин уулу катары атаңызга жан тартып абалды Президентке түшүндүргүнүз келген учур болобу?

- Албетте.

- Аракет кылдыңызбы?

- Мен кыргыз айкөл болуш керек деп ойлойм. Манас бабабыз да айкөл болгон эмеспи. Салгылашып жатканда душманың сага жакын болуп калат.

Источник: media-center.kg