Асел Кодуранова, ЖК депутаты: “Коррупцияны далилдөө өтө оор жана кыйын иштердин бири”

Обратите внимание на дату публикации.

Бүгүн, 2-июнда парламент комитетинде коррупция боюнча соттолгондорду жана анын жакындарын депутаттыкка аттанууга тыюу салган мыйзам долбоору каралууда. Анда депутат Асел Кодуранова коррупцияны далилдөө өтө оор иш экенин билдирди.

“Коррупцияны далилдөө өтө оор, өтө кыйын. Азыркы учурда ар кандай саясий процесстер болуп жатат. Коррупцияны далилдөө үчүн соттор көз карандысыз болушу шарт. Азыр мыйзамда бар, эгер соттолсо ал шайлоого катыша албайт. Мейли камалабы, айып пул төлөйбү, өзү жазасын алсын. Бирок анын балдары, туугандары ал үчүн жооп бербеш керек. Менин оюмча, бул туура эмес”, – деп билдирди Кодуранова.

Источник: Кyrgyztoday