Суу кечип качкан Шадиевдин артынан прокурорлор барат…

Обратите внимание на дату публикации.

Аскарбек Шадиевге байланыштуу «мыйзамсыз баюу» боюнча кылмыш иштери Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда сырттан каралып жатат. Бул боюнча АКШнын тиешелүү кызматтары менен иштер жүргүзүлүүдө. Бул жылы биздин тергөөчүлөр ал жакка бармак, бирок пандемияга байланыштуу кийинкиге жылып калды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов  билдирди.

Эскерте кетсек, 2018-жылы апрель айында Аскарбек Шадиевге Жогорку Кеӊештен 30 миӊ доллардын уурдалышы боюнча кылмыш иши козголгон.  Ал Тажкисктан аркылуу Россияга качып, андан кийин АКШга кетип калган.

Источник: fakt.kg