Депутат К.Жумалиевдин мүлкү боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды

Баракелде -  Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин мүлкү тууралуу сотко чейинки өндүрүш ишин баштады.

Бул иш Башкы прокуратура тарабынан Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексиндеги 323-берене (мыйзамсыз баюу), 324-берене (мамлекеттик жогорку кызматтагы адамдын ишкердүүлүккө мыйзамсыз аралашуусу) менен катталган.

Буга чейин ИИМдин басма сөз кызматы депутаты Кубанычбек Жумалиев кайрылып, социалдык түйүндөрдө өзүн мурдагы прокуратура кызматкери деп атаган Сыймык Жапыкеев аттуу жаранга мыйзам чегинде чара көрүүнү суранганын билдирген.

Источник: Баракелде