Нур-Султан Ташкентке нота жиберүүдөн баш тартты

Обратите внимание на дату публикации.

Сардаба суу сактагычынан аккан суу Казакстандын айылдарын да каптаганына байланыштуу Ташкентке нота жиберилбейт. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Айбек Смадияров 5-майда билдирди.

Андан бир нече саат мурда өлкөнүн экология, геология жана жаратылыш ресурстары министринин орун басары Сергей Громов чек арадагы гидротехникалык курулуштар тууралуу Өзбекстандан толук маалымат талап кылган нота даярдалганын билдирген. Ал Сардаба суу сактагычы казак тараптын макулдугусуз курулганын да белгилеген.

“Суу каптоонун кесепетин жоюуда өкмөттөр менен чектеш аймактардын жетекчилиги тыгыз иштешип жатканын эске алуу менен Казакстандын өзбек тарапка нота жөнөтүү маселеси жок” дейт Айбек Смадияров.

2017-жылы курулган суу сактагычтын тосмосу 1-майдын таңында жырылып, эки өлкөдө 100 миңден ашуун тургун коопсуз жайга көчүрүлдү.

Источник: Азаттык уналгысы