1-июлга чейин Бишкекте митинг өткөрүүгө тыюу салынды

Обратите внимание на дату публикации.

Баракелде -  Биринчи май райондук акимиатынын 4-марттан 1-июлга чейин митингдерди өткөрүүнү чектөө чечимин Биринчи май райондук соту мыйзамдуу деп тапты.

Акимиаттын чечиминде айтылгандай, аларга шаардын борбордук көчөлөрүндө, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин имаратынын алдында тынчтык митингин өткөрүү боюнча ар кандай жарандар, уюмдардан билдирүүлөр түшүп жатат.

«Тажрыйба көрсөткөндөй, эл көп чогулган жыйындын лидерлери жана уюштуруучулары аларды башкара албай, жыйынтыгында массалык баш аламандык келип чыгууда, унаалардын жүрүшүнө тоскоол болууда», - деп айтылды документте.

Акимиат митингдерге тыюу салуунун дагы бир себеби коронавирусту алдын алуу чаралары менен байланыштуу деп түшүндүрдү. «Жарандарга массалык иш-чараларды өткөрүүнү чектөө жана эл көп жыйналган жерлерден оолак болуу сунушталат», - деп айтылат билдирүүдө.

Бүгүн, 5-мартта Биринчи май райондук акимиаты сотко кайрылган. Анын жыйынтыгында Биринчи май райондук соту бул чечимди мыйзамдуу жана негиздүү деп тапты.

Буга чейин «Шанс» кризистик борбору менен демилгелүү топ аялдарга жана балдарга карата зордук-зомбулукка каршы жөө жүрүштү 8-мартта уюштура турганын кабарлашкан. Жөө жүрүш Биринчи май районунун аймагында өтмөк. Соттун чечимине ылайык, бул жөө жүрүштү өткөрүүгө тыюу салынды.

Источник: Баракелде