С. Жапаров: «Мындан кийин бизди чагымчыл күчтөр пайдаланып кетпесин»

2-март күнү Ала-Тоо аянтында абакта жаткан Садыр Жапаровдун тарапташтарынын митинги өтүп, ал убада кылынгандай тынчтык митинги болбой, аягында ызы-чуу, башаламандык, Ак үйгө чабуул жасоо менен коштолуп кеткени белгилүү. Ошол митингте Садыр Жапаровдун агасы Сабыр Жапаров «Биздин кайрылуубузга бийлик өкүлдөрү 3 күн ичинде жооп бере турган болду. Эми үч күн күтөлү. Азыр тынч гана тарап кетели» деген. Бирок, митингге келген адамдардын арасынан элди Ак үйдү көздөй чабуул жасоого чакырык таштагандар чыгып, натыйжада башаламандык болуп кеткен эле.

 

Видео

 

Негизи митинг болорго чейин эле Садыр Жапаровдун митингин башка саясий күчтөр пайдаланып кетиши мүмкүн экени айтылып келген. Айткандай эле болду окшойт. Ошондон улам экс-депутат Садыр Жапаровдун бир тууган агасы Сабыр Жапаров коомчулукка видеокайрылуу жасады. Анда мындай деп айтылат:
«Урматтуу мекендештер, мен Садыр Жапаровдун бир тууган агасы Сабыр Жапаров. Садыр Жапаровдун колдоочулары, мен сиздерге кайрылып кетким келип турат. 2-мартта Садыр Жапаровду колдоп бергениңиздерге чоң ыраазычылык билдирем, рахмат айтам. Биз койгон талаптар боюнча өкмөт менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. 2-мартта болуп кеткендей башаламандыктан өзүбүздү сактайлы жана ага жол бербейли. Мамлекетке тынчтык керек, мыйзамды сактоо керек. Садыр менен да сүйлөштүм, ал мындай башаламандыктарга жол бербегиле, ызы-чуунун кереги жок деди. Садыр Жапаров боштондугун мындай ызы-чуу жолу менен эмес, мыйзамдуу сүйлөшүү жолу менен чечет. Урматтуу кыргыз эли, тынчтыкты сактайлы, жаман нерселерге жол бербейли. Бизге андай жолдун кереги жок. Мындан кийин чагымчыл күчтөр бизди колдонуп кетпесин. Анткени мага келген маалыматтар боюнча, бизди курал катары колдонобуз деген ойлору бар экен. Ошондуктан мындай башаламандыктар менен тез арада эле мамлекетибизди жоготуп алабыз. Кудай буюрса, сүйлөшүү жолдору башталды. Тынчтыкты сактап, кайрадан башаламандык болушуна жол бербейли».
Эми Садыр Жапаровдун тарапташтары экс-депутаттын агасынын айткандарын туура түшүнүп, ар кандай мыйзамсыз аракеттерден алыс болушу керек. Себеби, биринчиден ар кандай чагымчыл күчтөр аларды пайдаланып, Садыр мырзанын абалын мындан да оорлоштуруп жибериши мүмкүн. Экинчиден, өлкөбүздүн тынчтыгына, элибиздин ынтымагына доо кетирип алуудан алыс болуубуз кажет.

Источник: racurs.kg