Садыр Жапаров кантип арам жол менен байыган?

26 февраля 2020
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

Тээ 2012-жылы Ак үйгө карай «Чыңгызхандын шакирттеринче» жүрүш жасаган үч депутатты билесиздер да? Андан кийин 2013-жылы Караколдо «Кумтөрдү» улутташтырыш керек деген кыйкырык менен митингдер өтүп, алардын биринде Ысык-Көл облусунун губернатору барымтага алынып, «өрттөйбүз» деген коркутууларга кабылган. Мына ушул мыйзамсыз аракеттердин баарын Минскиде жаткан Бакиевдер өздөрүнүн көздөй «комиссары» Садыр Жапаров аркылуу каржылашкан.
С. Жапаров Аскар Акаевдин убагында анын аялы Майрам апчебиздин бир тууганынын калкалоосу менен бензин сатуу аркылуу финансылык абалын аздыр-көптүр чыңдаган. Кийин ал Бакиевдердин командасына кошулуп алып, кен чыгуучу жайларды, банктарды, жер тилкелерин рейдерлик жол менен басып алууга катышкан. Мисалы буга «Ысык-Көл Инвест Банкы» жана «Жыргалаң» шахтасын айтсак болот. Ошол «Ысык-Көл инвест банкы» аркылуу алар жүздөгөн миллион долларларды «адалдашкан». 2007-жылы эки айдын ичинде эле ал жүздөгөн гектар жерлерди өзүнүн туугандарына каттаткан. Мына ушулар тууралуу кезеги менен айталы.
Бүгүнкү күндө Садыр Жапаров 52 жашта. Ал жогорку билимге 2006-жылы, же 38 жашында гана араң ээ болгон. Эмгек жолун колхоздо иштөө менен баштаган. Ал эми 2002-2005-жылдары «Нурнефтегаз» компаниясынын башкы директору болуп иштеген. Карьералык өсүшү 2005-жылдагы март революциясынан кийин башталган. Ал Жогорку Кеңештин депутаты болуп келген. 2007-2008-жылдары ал кездеги президент Курманбек Бакиевдин кеңешчиси болгон. Мына ушул 2007-жылды жакшылап эстеп калыңыздар.
Анан Кыргызстанда коррупцияны алдын-алуу боюнча улуттук агенттик деген түзүлгөн. Ошого Садыр Жапаров комиссар болуп дайындалган. Демек, ал коррупция менен күрөшүшү керек болчу. 2007-жылдын 19-июнунда ошол убактагы Мамлекеттик мүлк агенттигинин регионалдык жетекчиси Асыранкулов кылмыштуу жол менен Ысык-Көл районундагы «Жыргалаң» шахтасынын 71,14% үлүшүн Садыр Жапаровго тиешелүү «Голден» фирмасына берип койгон. Тендерге төрт фирма катышкан. Бирок, аларды атайылап эле өткөрбөй коюшкан. Анан ошол эле күнү шахтаны Садыр Жапаровго беришкен. Ошентип 18 миллион сомго бааланган акция 12 миллион сомго сатылган. Шахта менчикке өткөнгө чейин 22 миллион сомго оңдоп-түзөлүп, жабдылганын да (мамлекеттин эсебинен) эске алыш керек.
«Ысык-Көл Инвест Банкынын» негиздөөчүсү Болот Байкожоев кече жакында эле борбор калаада маалымат жыйынын өткөргөн. Ал 2007-2010-жылдар ичинде аталган банк аркылуу Кыргызстандан оффшордук зоналарга 5 миллиард АКШ доллары өлчөмүндө акча каражаттары чыгарылып кеткен деген. Мунун баары ошол убактагы бийликтин көз алдында эле жасалган экен. Кыязы, буга Улуттук банк дагы унчукпай макул болсо керек.
Баса, бул банкты Садыр Жапаровдун эжесинин жардамы менен Максим Бакиев рейдерлик жол менен тартып алган. Анан ал аркылуу алар кылмыштуу жол менен табылган миллиондорду «адалдашкан» тура. Алтургай минутасына 20 миң операция жасай турган программа түзүлгөн. Мунун баарына Садыр Жапаровдун бир тууганы Райкүл Жапарова түздөн-түз катышкан. Ал өзүнө карата соттун чечими чыкканга чейин өлкөдөн качып чыгып кеткен боюнча келелек.
Мына ушундай арам жол менен, кылмыштуу жол менен Садыр Жапаров байыган. Анан ошол кылмыштарынан жазасын кутулуу үчүн ал 2010-жылдан кийин «ярый» оппозионер болуп чыга калып жатпайбы. Азыр да ал өзүн саясий туткун катары көрсөткүсү келет. Бирок, реалдуулук биз жогоруда айткандай.

Источник: tezkabar.org