Өмүрбек Текебаев: «Шайлоодогу босого чек 3 пайызга түшүш керек»

25 февраля 2020
Версия для печати

“Ата Мекен” партиясынын төрагасы Айсулуу Мамашова алдыдагы парламенттик шайлоого 9 пайыз босого чегин, 7 пайызга түшүрүү боюнча Fakt.kgге пикирин билдирди.

Депутат парламенттик шайлоодогу 9 пайыздык босого чегине каршы болуп келгенин, босого чегин 7 пайызга түшүрүү боюнча мыйзамдын демилгечилеринин бири болгонун билдирди.

“Эгерде Парламенттик шайлоодо  9 пайыз босого чеги болсо эки үч эле партия Жогорку Кеңешке келип, эл өкүлдөрү азайып кетиши мүмкүн”,- дейт Мамашова.

“Ата Мекен” партиясынын дагы бир депутаты  Садык Шер-Нияздын айтымында, 9 пайыздык босого чегин талашып жүргөн кишилердин бири.

“9 пайыз босого чеги, мамлекеттүүлүктү күчөтөт деген ойдо болчумун. Бирок , менталитет деген менталитет экен, Кыргызстанда баары бир саясий лидерлер көп. Бул өзүнүн кыргызга энчилүү болгон салты. Босого чеги 7 пайызга түшкөнү өтө туура, жакында мыйзам каралат ошондо мен колдоп берем”, -дейт депутат.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин айтымында, дүйнө, коом өзгөрүп жаңы күчтөр жаралып жатат. Босого чеги 9 пайыз, 7 пайыз эмес, 3 пайызга түшүшү керек. Жана босого чегин түмөндөтүү боюнча  Армения, Грузия, Украина өлкөлөрүндө дагы  ушунда көрүнүш кетип жатат. Босого чегин 7 пайызга түшүрүү дагы элдин пикирин укканга болгон  аракет, эл менен эсептешкендин үлгүсү. Эгер шайлоо босогосу 3 пайызга түшсө шайлоочу өзүнүн каалаган талапкерине  добуш берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Источник: fakt.kg