«Алмазбек Атамбаевдин башы ооруп жатат»

21 февраля 2020
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

Кыйноого каршы улуттук борбордун  кызматкерлери УКМКнын тергөө абагында отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдан кабар алышты. Бул тууралуу аталган мекеменин директору Нурдин Сулайманов  журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, Атамбаевдин чын эле кан басымы төмөндөп кеткен.

 “Алмазбек Атамбаевдин чындыгына эле кан басымы төмөндөп, туруктуу эмес экен. Бүгүн  кан басымы 90/70ке түшкөн. Ал эрте менен башы ооругандыгын айтып, кан басымы 85/59га түшкөндүгүн билдирди. Ал дарыгерлердин көзөмөлүндө. Убактылуу кармоочу жайдын кызматкерлерине эч кандай доо арызы жок”,- деп билдирди Сулайманов.

Источник: fakt.kg