Акрам Мадумаров вице-премьер-министр болуп дайындалды

13 февраля 2020
Версия для печати

Баракелде -  Мадумаров Акрам Камбаралиевич Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун басма сөз кызматы бүгүн, 12-февралда билдирди.

А.Мадумаров бул кызматка келгенге чейин өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеп жаткан.

Бүгүн көпчүлүк коалиция, Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети жана парламент анын талапкерлигин карап жактырган.

Буга чейин Жеңиш Разаков Парпиевич вице-премьер-министр кызматынан бошотулганын өлкө башчынын басма сөз кызматы кечээ, 11-февралда билдирген.

 

Источник: Баракелде