Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков кызматынан бошотулду

11 февраля 2020
Версия для печати

Баракелде -  Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Парпиевич кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы бүгүн, 11-февралда билдирди.

«Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык Разаковдун отставкасы кабыл алынып, вице-премьер-министр кызматынан берген арызына ылайык бошотулду», - деп айтылат маалыматта.

Жеңиш Разаков Евразиялык экономикалык биримдик (ЕАЭБ) менен чек ара маселелерине жооптуу болчу.

Ал 2016-жылдын июнь айында чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министр болуп дайындалса, 2017-жылы август айында Коопсуздук кеңешинин катчысы болгон. Ал эми 2018-жылдын апрель айында вице-премьер-министр кызматына келген.

Источник: Баракелде