Аскар Акаев: Үй-бүлөсүнүн чечимин колдоп, уулумдун сөөгүн Москвага коюп жатабыз

Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев уулунун сөөгү Москвада жерге берилерин ырастады.

"Тун уулум Айдарды жоготтум. Жүрөк оорусу бар эле, инфарктан кайтыш болду. Үй-бүлөсүнүн чечимин колдоп сөөгүн Москвага коюп жатабыз",-деп кабарлады Аскар Акаев Би-Би-Си кабарчыларына.

Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаевдин уулу жана иниси удаа каза болгону тууралуу кабарды жергиликтүү басылмалар эртең менен тараткан эле. А.Акаевдин улуу агасы Чилтен Акаевдин уулу, жүрөгү кармап каза болуп, Кеминде сөөгү жерге берилгени белгилүү болду.

Айдар Акаев 43 жашта эле. Ал 2005-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп келип, 24-марттагы ыңкылаптан кийин үй-бүлөсү менен Кыргызстандан чыгып кеткен. Москвада жеке ишкерлик менен алектенери айтылып жүргөн.

Источник: Кыргызская служба Би-Би-Си