Депутат чек арадагы коррупция тууралуу айтылган фактыларды текшерүүнү талап кылды

Бүгүн, 6-февраль күнү Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Наталья Никитенко укук коргоо органдарына кайрылып, Мамлекеттик чек ара кызматын текшерүүдөн өткөрүүнү суранды.

“Чек арадагы коррупция тууралуу эки резонанстуу билдирүү тарады. Укук коргоо органдары аларды жаап-жашырбай, дыкат текшерүүгө өткөрүш керек” – деп билдирди.

Муну менен катар депутат коррупция менен күрөшүүдө мыйзам иштебей жатканын кошумчалады.

“Коррупция тууралуу маалыматты берген адамды коргоого алуу мыйзамы дагы деле иштебей жатат. Анткени өкмөт дагы деле тиешелүү жоболорду кабыл ала элек. Коррупция тууралуу айткан адам сый акы гана албастан, мыйзам тарабынан коргоого дагы алынышы керек. Мыйзам иштебесе, коррупция менен кантип күрөшөбүз?” – деп суроо салды.

Депутат аталган маселени кыска мөөнөттүн ичинде чечүүнү талап кылды.

Источник: Кyrgyztoday