Фарид Ниязов 2 айга камакта калтырылды

Обратите внимание на дату публикации.

Баракелде -  Бишкектин Биринчи май райондук соту Фарид Ниязовдун баш коргоо чарасынын мөөнөтүн узартты. Мындай чечим бүгүн, 4-февралга караган түнү кабыл алынды.

Ал 2019-жылы 7-8-августта Кой-Таш айылында болгон окуялар боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында №1 убактылуу кармоочу жайда (СИЗО-1) 9-апрелге чейин камакта болот.

Ф.Ниязов 7-8-августта Кой-Таштагы окуяларга байланыштуу «Адамдарды барымтага алуу» жана «Массалык баш аламандык уюштуруу» беренелери боюнча айыпталып жатат.

Источник: Баракелде