АКШ Кыргызстандын ички ишине кийлигише баштадыбы?

Обратите внимание на дату публикации.

Ири держава атыккан Америка Кошмо Штаттары дүйнөдөгү бардык мамлекеттерге өзүнүн үстөмдүгүн көрсөтүп, кандай жашаш керек экенин үйрөтүп келатканына көп болду. Буга айта берсек мисалдар толтура. Ачыгын айтканда бир катар мамлекеттерде АКШнын кийлигишүүсү менен түстүү революциялар, кан төгүүлөр да болду. Айрым мамлекеттерде башаламандыктар, тутанган согуш оттору дагы деле өчө элек.
Жакында эле Америка Кыргызстандын жарандарына карата визалык чектөө киргизди. Буга расмий Вашингтон аргумент катары айткан Кыргызстандын Мамлекеттик каттоо кызматынын электрондук паспортторду берүүдө жана каттоо процедурасындагы системалык жетишпестиктер менен аргасыз макул болууга туура келет. Мындай жагдай АКШнын чек арасын ар кандай максаттагы, туура эмес адамдардын кесип өтүү тобокелчилигин күчөтөт. Бирок, бир нерсе түшүнүксүз, эмне үчүн «грин карта» визалык лотереясына катышууну каалагандар да чектөөгө кирип калып жатышат? Мындай катышуучуларга текшерүү АКШга туристтик же конок катары виза алууну каалагандарга караганда өтө олуттуу жасалат эмеспи.
Мына ушундан улам АКШ президенти Дональд Трамптын бул кадамы Кыргызстандын бийлигине карата басым жасоонун коомдук инструменти болуп калып жаткан жокпу деген суроо туулат.
Негизи эле расмий Вашингтондун визалык чектөө киргизүүсү тигил же бул мамлекеттин расмий бийлигине дипломатиялык басым жасоонун элементи болуп келген. Кыргызстан да ошондой басымга кабылып жатат, болгону масштабы ар түрдүү. Мисалы, өткө жылы АКШ Кытайдын өкмөтүнө каршы визалык чектөө киргизген, анда мындай кадамын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районундагы уйгурларга байланыштуу кырдаалды мотив катары көрсөткөндөй болгон. Бул тууралуу практика жүзүндө бардык дүйнөлүк ММКлар жазышкан.
Же 2017-жылы Американын Россияга карата визалык чектөө киргизгенин эстесек болот. Анда Россия АКШнын дипмиссиясынын кызматкерлеринин санына лимит киргизген. Ага Америка визалык чектөө менен жооп кылган.
Ошентип жөнөкөй сөз менен айтканда биз дагы АКШнын санкциясына кабылдык десек болот. Эмне үчүн?
Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы олуттуу дипломатиялык келишпестиктер 2015-жылдын июлунда болгон. Анда Кыргызстандын өкмөтү АКШнын менен кызматташуу боюнча базалык келишимди денонсациялаган. Кыргызстандын бул кадамы АКШнын Мамдепи өмүр бою эркинен ажыратылган сепаратист Азимжан Аскаровго сыйлык бергенине жооп болгон.
Бул өкмөттөр аралык документ 1993-жылы 19-майда кол коюлган жана ал расмий түрдө «көмөктөшүүнү жеңилдетүү боюнча кызматташууга байланыштуу келишим» деп аталган.
Бирок, бул келишим Америка үчүн АКШнын программаларына байланыштуу Кыргызстанда жүргөн АКШнын өкмөтүнүн жарандык жана аскердик персоналдарына дипломатиялык кол тийбестик статусу берилгени менен пайдалуу болчу. Ошондой эле бул келишим Кыргызстандагы ЮСАИД ишмердүүлүгүнүн алкагында иштеген америкалык фонддорду бардык салык жана милдеттүү төлөмдөрдөн бошоткон эле. Келишим денонсациялангандан кийин ЮСАИД Кыргызстандагы өзүнүн катышуусун кескин кыскарткан. Бул АКШ үчүн өтө оор тийген. Себеби, АКШ үчүн Кыргызстан узак убакыт бою Борбордук Азиядагы демократиялык баалуулактарды жайылтууга форпост болуп берген.
2016-жылы АКШ менен Кыргызстандын ортосунда эки тараптуу кызматташуу боюнча жаңы долбоорду даярдоого байланыштуу сүйлөшүүлөр жүргөн.
2018-жылы министр О. Панкратов АКШнын элчиси Дональд Лу, Кыргызстандагы ЮСАИД миссиясынын башчысы Гэри Линден жана АКШнын улуттук коопсуздугунун Борбор Азия иштери боюнча директору Эрик Руденшольд менен жолугушуп, жаңы келишимге кол коюнун перспективаларын талкуулашкан. Бирок, айрым принципиалдуу пунктар боюнча кайчы пикирлер жаралып, толук кандуу кадам ташталган эмес.
2019-жылдын 21-мартында президент Трамп президент Жээнбековду куттуктоосунда да АКШ менен Кыргызстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташуу боюнча ийгиликтүү келишим түзүлүшүн чыдамсыздык менен күтүп жатканын билдирген.
Стратегиялык кызматташтык боюнча жаңы келишимдин долбоорун ЮСАИДдин жетекчилиги парламент депутаттары аркылуу активдүү колдогон. Алар мурдагыдай эле, тактап айтсак 1993-жылкы базалык келишимдеги артыкчылыктарын сактап калууну каалашкан. Бул багытта бир нече жолу эки тараптуу консультациялар жогорку деңгээлде өткөн. Бирок, компромисске келе алышкан эмес.
Ошентип АКШ Кыргызстандын бийлигине каршы аракет жасоонун шылтоосун таба албай турган эле. Ал ортодо Жогорку Кеңеште «НКО (Коммерциялык эмес уюмдар) ишмердүүлүгү боюнча» мыйзам долбоору каралып, ага өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталып калды. Бул Америка үчүн жакшы шылтоо болду. Натыйжада минтип Кыргызстанга карата визалык чектөө киргизди.
Белгилей кете турган жагдай, АКШнын визалык чектөө киргизиши – бул убактылуу. Алар мындай кадамы менен Кыргызстандын ички ишине кийлигишүүнү көздөп турат. Демократиялык мамлекеттерде, деги эле эл аралык нормада башка өлкөнүн ички иштерине башка бир өлкөнүн кийлигишүүсүнө жол берилбейт. Бирок, Америка бардык өлкөлөрдүн ички ишине кийлигишүүнү адатка айлантып алган.

Источник: tezkabar.org