Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдарындагы коррупцияга ким бөгөт коёт?

Ушул жылдын күз айларында Кыргызстанда парламенттик шайлоо өткөнү турат. Аталган саясий өнөктүккө эл аралык уюмдар сөзсүз байкоо салат. Андыктан шайлоого тышкы күчтөр сөзсүз кийлигишүүгө аракет кылат.
2019-жылдын октябрь айында АКШ көзөмөлдөгөн USAID уюму Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдары арасында 2020-жылы өтө турган парламенттик шайлоону мониторингдоо боюнча 1 млн. 200 миң доллар суммасындагы акчага конкурс жарыялаган. Бул конкурска катышуу үчүн ондогон өкмөттүк эмес уюмдар өтүнүч келтирген. Ишинимдүү булактар кабарлагандай, бул конкурс USAIDдин Кыргызстандагы өкүлдөрү тарабынан коррупциялык жолдор менен өткөн. Тактап айтканда “бармак басты, көз кысты” принциби колдонуп, уюмдун өлкөдөгү өкүлдөрү тарабынан тааныш-билиштик орун алган. Ошентип ири суммадагы грант «Общее дело» уюмуна бериле турган болгон дешет.
Буга чейин аты-жыты белгисиз болгон «Общее дело» бейөкмөт уюмун Сүйүндүкова Аида Жеңишовна негиздеген. Ал ага чейин “Демократия үчүн жана жарандык коом” коалициясынын программалык директору болуп иштеген. Ал жерде да түз иштебей, Аида айым аралашкан кыңыр иштер бүгүнкү күнгө чейин териштирилип жатканы белгилүү. Бизге маалым болгондой, «Общее дело» бейөкмөт уюмун USAIDдин программалык менеджери Назгүл Акишова гранттарды өзүмдүк кылып алуу үчүн түптөгөн. Бул айым Аида Сүйүндүкова менен көп жылдан бери тыгыз байланышта жана жакын мамиледе экен. Демек, булар сырттан келген гранттарды ушундай жолдор менен өзүмдүк кылып, аны каалагандай калчап үйрөнгөн.
Кыргызстандагы демократия, адам укугу үчүн келген гранттарды биздин арабыздан чыккандар ушундай жолдор менен максатсыз пайдаланууда. Акыркы жылдары коррупция дал ушул бейөкмөт уюмдарында гүлдөдү. Бир катар НПОчулар өз уюмдарына туугандарын, кудаларын, тааныштарын ишке киргизип, миллиондорду аларга маяна катары жазуу менен убара. Эл аралык уюмдар мына ушундай ириткилерге карап да Кыргызстандын үстүнөн тон бычып жаткандай. Андыктан бейөкмөт уюмдарындагы коррупцияга бөгөт коё турган учур келди. Муну шефтери билеби?

Источник: tezkabar.org