Бейөкмөт уюмдары каржы булактарын ачыкка чыгаруудан эмнеге коркушат?

Бекеринен Кыргызстан Орто Азиядагы «Демократия аралчасы» деген атка ээ болбосо керек. Эгемендик алган жылдардан бери карай өлкөбүздүн экономикасы өтө олуттуу өсүш жасабаганы менен, сөз эркиндиги, демократия жаатында коңшулаш мамлекеттерди, мурдагы СССРдин курамындагы республикаларды аркага калтырганыбыз кашкайган чындык.
Өз алдынча көз карандысыз өлкө болгонубузга чейрек кылымдан ашыгыраак убакыт өттү. Бул убакыт аралыгында өлкөбүздө бейөкмөт уюмдардын саны өтө эле көбөйдү. Алардын белгилүүлөрү чет мамлекеттерден келген гранттар менен жашай турганы белгилүү. Көбүнесе адам укуктарын коргоо, социалдык, экономикалык маселелерди чечүү, билим берүү, саламаттыкты сактоо багыттарында деп максатталып гранттар берилет.
Бирок, тилекке каршы, ушул күнгө чейин ошол белгилүү бейөкмөт уюмдарынын кайсы бир карапайым адамдын укугун коргогонун, социалдык-экономикалык маселелерди чечкенин көрө элекпиз. Алар уставдары боюнча өлкөбүздүн ички саясатына аралашпоолору керек. Ошого карабастан ички саясатка аралашып, кайсы бир саясий күчтөрдүн куралы да болуп келишет. Ошону менен катар элибиздин көөнө маданиятына, нарк-насилине карама-каршы келген көрүнүштөрдү адам укугун коргоп жатабыз деген шылтоо менен жайылтууну көздөшөт. Буга мисал катары гей-лесбиянкаларды колдогондорун, гей-парад өткөрүшкөнүн, музейдеги жылаңачтанган кыздарды айтсак болот.
Мына ушул жосунсуз жоруктарды жайылтууну көздөгөн бейөкмөт уюмдары тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Евгения Строкова мындай дейт: «Бул феминисттердин көргөзмөсү атайын чагымчылдык кылуу үчүн уюштурулган. Бардык жакшы нерсени булгап салса болот. Алар бул нерсени ийгиликтүү ишке ашырышты. Бул нерсени атайын кылышты. Себеби, мындай каршылык болорун, кагылыш болорун жакшы билишкен. Качан катуу кол болгондо тартип орнойт. 10 миң бейөкмөт уюм бир дагы өлкөдө жок. Келгиле тартипке салалы, ар бири өзүнүн тармагында иштесин. Кээ бир бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүнө тыюу салып, элдин камы үчүн иштей тургандарды гана калтыруу керек. Айрым бейөкмөт уюмдар бизге керек. Бирок, башка өлкөнүн кызыкчылыгын коргогондорду жабуу керек».
Ырасында эле ушундай. Айрым бейөкмөт уюмдары өлкөбүздө карама-каршылыктар, нааразычылыктар жаралып туруусун атайылап уюштурушат. Ал үчүн гранттарды пайдаланышат.
Укук коргоочу, бейөкмөтчү Төлөйкан Исмаилова бейөкмөт уюмдарынын ишмердүүлүгү бизнес эмес экенин, ал коомдогу көйгөйлөрдү чечүү экенин маалымат булактарынын бирине билдирген. Андай болсо, эмне үчүн алар коомдогу көйгөйлөрдү чечүүнүн ордуна сепаратисттерди, гей-лесбиянкаларды коргоп жүрүшөт. Же алардын көйгөйү ушул маселелерби? Андан көрө укуктары бузулуп жаткан карапайым адамдарга жардам беришпейби. Же турмуш-тиричилиги өтө оор шарттагы үй-бүлөлөргө жардам кылышпайбы. Андай кылышпайт. Тескерисинче, өлкөбүздө ошондойлор көп болсо экен деп тилек кылышкансыйт.
Ал эми ошол чет мамлекеттерден алган гранттары менен өздөрү кымбат баалуу автоунааларда, элиталык батирлерде, хансарайларда жашашат. Ошондон улам Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Райымкулов бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүн, кайсыл булактардан канча каражат алып, аны кайсыл иштерге жумшап жатышканы боюнча жылына отчет берип турууга багытталган мыйзам долбоорун сунуштаган.
«Алып чыгып жаткан мыйзам долбоорубуздун башкы максаты – бул коммерциялык эмес уюмдардын чет өлкөлөрдөн келип жаткан каражаттары, бир жылда жасаган иштери боюнча маалымат берүүсү болуп саналат», — дейт Б. Райымкулов.
Мындай мыйзам долбооруна бейөкмөтчүлөр катуу каршы чыгышууда. Суроо жаралат – алар эмнеден коркуп жатышат? Акыйкаттык, ачыктык, адилеттүүлүк тууралуу өздөрү өтө көп айтышат эмеспи? Анда эмнеге өздөрүнүн киреше-чыгашалары тууралуу коомчулукка ачык маалымат берүүдөн чоочулап жатышат?

Источник: tezkabar.org