Жеңиш Разаков чек ара боюнча кимдерди чыккынчы атады

16-январда Баткен шаарында кыргыз өкмөтүнүн координациялык кеңешмесинде чек ара маселелери боюнча талкуу болдуКоординациялык кеңешмеде вице-премьер-министр Жеңиш Разаков

“Биз бул жакта чек араны бир метрине чейин талашып жатабыз, а кээ бир жарандар ал жердеги үйүн сатып кетип жатат. Бул эмне деген көрүнүш?! “Эртең сатылат экен” деп күтүп отура бербешибиз керекпи. Бул маселени элге алып чыгыш керек. Эл айтыш керек, үйүн сатып жаткандарга, “чек арадан үйүңдү сатып кеткениң — бул чыккынчылык. Мамлекетке, чек арага жасаган чыккынчылыгың деп айтыш керек. Жергиликтүү бийлик, системалуу жумуш аткарбай жатасыңар” -деп билдирди.

Источник: fakt.kg