Башкы прокуратура: “Дастан Бекешев банктагы каражатын декларацияга көрсөтпөй жашырып, мыйзамды одоно бузган”

Обратите внимание на дату публикации.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевдин буга чейинки билдирүүсүнө Башкы прокуратура жооп кайтарды. Андагы маалыматты бүгүн, 8-январда генпрокуатуранын басма сөз кызматы журналисттерге таратты.

Алардын маалыматына караганда, депутат банктагы каражатын декларацияда көрсөтпөй жашырып, мыйзамды одоно бузган. «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматты эллеген адамдардын кирешеси, чыгышасы, милдеттери жана мүлкү жөнүндө» мыйзамды Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев одоно бузган. Ал банктагы каражатын декларацияда жашырып көрсөткөн эмес»,- деп жазылган маалыматта.

Эске сала кетсек, депутат Дастан Бекешев буга чейин Башкы прокуратура анын мүлкү боюнча текшере баштаганын жана салык кызматкерлери салыкты ашыгыраак жазып койгонун, аларды жоопко тартуу керектигин айткан.

Источник: Кyrgyztoday